Буларды билесиздерби?

«Анадолунун даамдары»

1565950
Буларды билесиздерби?

Түрк ашканасына таандык 150 000ден ашуун тамактын рецебинин тогуз тилде жазылгандыгын билесиздерби?

25 жылын Түркияны кыдырып, дүйнөнүн эң чоң жана бай ашанасына ээ түрк ашканасын изилдеген Бану Атабай  тамактарды изилдөө тууралуу маектерин, макалаларын жана тамактардын рецептерин  “lezzetler.com” аттуу интернет сайтынан бөлүшүүдө. Атабай өзү изилдеген жергиликтүү жана жалпы рецепттерди өлчөө менен алгач өзү сынап көрүп, ылайыктуу деп тапса, эң жөнөкөй жол менен жарыялайт жана өзүнүн жеке сайтына толугу менен өзү даярдаган 150 миңден ашуун тамактын рецепттерине орун берүүдө.

Рецептерди түрк тилинин тышында азербайжан тилинде, англисче, арапча, немисче жана орусча, италиянча, испанча, французча сыяктуу дүйнө тилдеринде да табууга болот.  Ушундайча түрк тамак маданиятын дүйнөнүн төрт тарабынан адамдар дагы жакындан таанып, бул даамдарга өз дасторкондорунан орун бере алышат.

 

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар