Геополитикалык тынчсыздануу

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору жазуучу докор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

1560009
Геополитикалык тынчсыздануу

Коронавирус эпидемиясы болбогондо 2020  - жылы эң көп сөз боло турган геополитикалык маселелер ; АКШнын Афганистанда 19 жылдан кийин Талибан менен  столго отурушу жана Британиянын  Европа Биримдигинен бөлүнүшү болмок. Бул эки окуя абдан маанилүү абал. Бирок корона эпидемиясы 2020 -  жылда эл аралык саясатка тереңден таасир тийгизген жыйынтыктарды жаратып өткөн жылдын бардык мезгилдердин эң жаман жылы болуп жарыяланышына себеп болду.

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору жазуучу докор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикирин угуңуздар.

Ушул себептен эпидемиянын маанилүү болушу, глобалдык системаны тереңден термелте турган  бир топ абалга түрткү бериши болду жана глобалдык тынчсызданууга айланды. Бул тынчсызданууну бөлүп турган үч өзгөчөлүк бар. Тобокелдик, белгисиздик жана келечек тууралуу белгисиздик.

Бул жаңы глобалдык тынчсыздануунун үч өзгөчөлүгү ; «геополитикалык тынчсыздануу» деп аталган жаңы бир абалдын ортого чыгышына себеп болууда. Бул тобокелчилик жана белгисиздик себеп болгон тынчсыздануу. Мындай абалды пайда кылган тынчсыздануунун биринчи формасы - глобалдык системанын келечеги. Глобалдык системанын келечегине карата эң чоң тынчсыздануу батыштан жогорулап чыгып келе жатат. Батыштын стратегиялык үстөмдүгүнүн акырына чыгары бирок ордуна келе турган стратегиялык үстөмдүктүн белгисиз болушу батыштагы тынчсыздануунун абалын барган сайын тереңдетүүдө.

Коронадан мурдагы мезгилде батыштын өз ичинде жана глобалдык өлчөмдө «батышсыздык» деп сүрөттөлгөн бул тынчсыздануу корона менен бирге дагы да тереңдегендей көрүнүүдө.

Батыштын өзүнүн стратегиялык артыкчылыгын калыбына келтирүү аракети катары көрүнгөн "Америка кайтып келе жатат" ыкмасы жана Европанын "стратегиялык автономия" издөө дал ушундай кооптонуудан арылууга дал келүүдө. Дүйнөлүк системанын келечегине болгон кооптонууну тереңдеткен дагы бир жагдай, Батыштан кийинки тартипти орнотуу үчүн эң күчтүү талапкер катары көрсөтүлгөн Кытай сыяктуу актерлор глобалдык горизонтту материалдык күч элементтеринен башка глобалдык бир чыйыр ача албашы. Глобалдык климаттык алмашуудан орток глобалдык маселелерге карата Кытайдын «мамилеси» тууралуу чоң маселе белгилери жана шектенүүлөр сөз болууда. Батыштан кийинки дүйнөгө даярданууга кыйла ийкемдүү болгон орто жана жогорку бийлик категориясында турган актерлордун статус-квону өзгөртүү аракеттери, батышка багытталган бул геосаясий тынчсызданууну дагы да тереңдетти.

Бул  геосаясий тынчсызданууну күчөткөн дагы бир жагдай - бул тобокелдиктердин түрдүүлүгү. Корона эпидемиясы көрсөткөндөй, глобалдык саламаттыкка карата коркунуч терроризм себеп болгон коркунучтан дагы жогору. Террор глобалдык көрүнүш, бирок ага дагы бир мүмкүн болгон дүйнөлүк эпидемия себеп болгон тектоникалык мобилизация жетишпейт. Бул белгисиздик тобокелдикти сатып алуу баасын жогорулатат жана бүткүл системанын кайрадан териштирилишине себеп болууда. Белгисиз тобокелдик геосаясий кызыкчылыктарды глобалдык бурулушка мажбур кылууда.Тынымсыз болуп жаткан аскердик чыр - чатактар ​​жана мамлекеттер ортосундагы тирешүү геосаясий түйшүктү башкарууну татаалдаштырып, мамлекеттерди көз карандысыз саясат жүргүзүүгө түртүүдө. Демек, коронадан кийинки дүйнөнү сүрөттөй алган эң маанилүү тынчсыздануу геосаясий түйшүк катары алдыга чыгууда.



Тектеш кабарлар