Кыргыз жаштарынын даректүү тасма тармагындагы ийгиликтери

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин бүтүрүүчүлөрү Түркияда байгелүү орундарды багындырышты.

1559496
Кыргыз жаштарынын даректүү тасма тармагындагы ийгиликтери

Түрк жана кыргыз дүйнөсүнөн-01_2021

«Түрк жана Кыргыз дүйнөсүнөн» аттуу уктуруубузда Түркия радио телеберүү мекемеси-ТРТ тарабынан 6-жолу уюштурулган «Коммуникация тармагынын болочок адистери – 2020» эл аралык кинофестивалында байгеге жетишкен кыргыз жаштарынын маектерине орун бердик.

Быйыл Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин  коммуникация факультетинин радио, телевидение жана киноискусство бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрү: Гүлнара Айтмаматова, Аманат Рахманова жана Лунара Жээнбекованын дипломдук иш үчүн тарткан фильмдери байгелүү орундарга татыды.

Даректүү тасма категориясында Гүлнара Айтмаматованын «Тайгак жол» аттуу тасмасы 1-орунду, ал эми Аманат Рахманованын «Аманат конуш» даректүү тасмасы ушул эле категорияда 2-орунду алса, Лунара Жээнбекованын «Тогуздан кийинкиси эгиз» аттуу тасмасы 3-орунду ээлеген.

Стамбул шаарында ѳткѳн бул иш-чарага бир нече ѳлкѳдѳн, жалпысынын 75 университеттен 731 студент онлайн форматта катышкан жана 625 даректүү тасма ат салышкан. Эмгектер ТРТ телеканалында көрсөтүлгѳн.

Пандемиянын шартында кинофестиваль быйыл онлайн режиминде өттү. Ага карабастан фестивалга катышуучулардын саны көп болду. "Тайгак жол" Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин студенти Гулнара Айтмаматованын дипломдук иши.

Гүлнара Айтмаматова: «Кино-көрүүчүнүн өзүнө болгон ишенимин ойготуп, изденүүгө түртөт. Ар бир адамга табиятынан кандайдыр бир өзгөчөлүк,талант берилери чындык. Тасманын башкы каарманы Каныкей, тоолордун арасында жашаган мектеп окуучусу. Ал койчунун кызы. Каныкейдин чоң кыялы бар жана бул кыялынын бир күнү сөзсүз орундаларына ишенет. Бүтүндөй команданын кылган эмгеги ийгиликтүү болуп, көрөрмандардын жүрөгүнөн түнөк таап жатканы кубандырбай койбойт.»

Ал эми Аманат Рахманованын «Аманат конуш» даректүү тасмасы Россия Федерациясына караштуу Татарстандын борбору Казань шаарында Эл аралык “Зилант” кинофестивалына катышып «Эң мыкты даректүү тасма” сыйлыгына татыды. «Аманат конуш» студенттер категориясында ат салышты.

Биз Гүлнара Айтмаматова жана Аманат Рахманова менен узактан маектешүүгө жетиштик. Аны төмөнкү шилтемеден уга аласыздар:

https://www.trt.net.tr/kyrgyz/podcast/turk-zhana-kyrghyz-duinosunon/turk-zhana-kyrghyz-duinosunon-01-2021

 

 



Тектеш кабарлар