2020 - жылды узатып жатып

Тышкы саясат боюнча изилдөөчү Жан Ажундун Ковид  - 19  эпидемиясы тууралуу баа берүүсү.

1555788
2020 -  жылды узатып жатып

Тышкы саясат боюнча изилдөөчү Жан Ажундун Ковид  - 19  эпидемиясы тууралуу баа берүүсү.

2020 – жылы глобалдык тармакта бүткүл дүйнө үчүн абдан кыйын өттү десек жаңылбайбыз. Өзгөчө биринчи жолу Кытайдын Ухань шаарында чыккан Ковид  - 19  эпидемиясынын бүткүл дүйнөгө жайылышы менен бирге экономикалык, саясий жактан чоң кыйынчылыктарга туш болду. Түркияда бул абалдан албетте өзгөчөлүк болгон жок. Дүйнөнүн бир топ аймагында кагылышуулар улантылып жатканда ыраатсызыдктар, табигый апааттар да өзүн көрсөтүүнү улантты.

Эми болсо ковидге каршы чыгарылган вакциналар менен бирге 2021 – жыл оптимисттик менен башталууда бирок келечек али да болсо бүдөмүк.

2020 -  жылдын башында Кытайдын Ухань шаарында биринчи жолу чыккан Ковид  - 19 деп аталган вирус  этап  - этап бардык өлкөлөргө жайыла баштады. Андан мурунку корона тибиндеги вирустардан айырмаланып ылдам түрдө адамдарга жуккан бул вирус кадам кадам пандемияга айланды жана бүткүл дүйнөнү туткунга алды. Оору жайылган сайын, адамдар каза болууну уланткан сайын турмуштук стилибизге түздөн түз таасирин тийгизген чаралардын көрүлүшү да мажбур абалга келди. Бет кап жана аралык эрежелери киргизилип,  кээ  кээде толук карантиндин киргизилиши да мажбур болду. Албетте өлкөлөрдүн  өзгөчө саламаттык сактоо системалары да бул мезгилде тестен өттү. Ушунун негизинде дүйнөдө сынактан жакшы өткөн аз өлкөлөрдүн бири да Түркия болду. Акыркы жылдарда саламаттык сактоо системаларына салынган инвестициялар менен жаңы курулган оорукана шаарчалары, жергиликтүү мүмкүнчүлүктөр менен чыгарылган дем алдыруу аппараттары Түркиянын бул процесстен дагы аз жоготуу менен чыгышын бирдикте алып келди. Бирок албетте дүйнөлүк пандемиянын таасирлерин дүйнөнүн калган өлкөлөрүндө болгондой өзгөчө  экономика тармагында Түркия да сезди.

Пандемиянын саясий, экономикалык жана коомдук таасири эң көп болгон өлкөлөрдүн башында АКШ турат. Процесстин жаман башкарылышынын таасири менен да миллиондогон адам вирус жуктуруп,  300 000ден ашуун киши каза болду. Он миллиондогон адам жумушсуз калды жана АКШда улантылып жаткан президенттик жарышына түздөн түз таасирин тийгизип, Трамптын Байденге жеңилишине себеп болду. Мындан  башка Италия, Испания, Франция жана Британия сыяктуу батыштык өлкөлөрдө да процесс жакшы башкарыла албады жана бул өлкөлөр дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн дагы оор чыгымдар менен беттешти. Өзгөчө Ыраакы Чыгыш өлкөлөрүнүн болсо сынактан дагы жакшы өткөндүгүн айтуу керек.  Кытай вирустун ата мекени болгонуна карабастан ылдам өзүнө келип, Корея жана Вьетнам сыяктуу өлкөлөр да аз чыгым менен процессти башкарууда ийгиликтүү болду. Бир топ адис ; Ыраакы Чыгыштын батыш дүйнөсүнө караганда көбүрөөк өнүгө баштаганынын көрүнүшү экендигин ортого салды. Бул туура болушу мүмүн же адамдардын турмуш стили бул жерде таасирдүү болушу мүмкүн. Бирок, пандемиянын батыш дүйнөсүнө келтирген зыяны чыгыштын  батышка караганда дагы ылдам өнүгүшүн тездетери талашсыз.

 

 



Тектеш кабарлар