Буларды билесиздерби?

«Троя музейи  -  виртуалдык музей»

1536542
Буларды билесиздерби?

Дүйнөлүк эпидемия процессинде  Троя музейин виртуалдык чөйрөдө бир миллионго жакын киши кыдырды.

Дүйнөнүн бир топ өлкөсүндө болгондой виртуалдык саякатка Түркияда да чыгууга болот. Чанаккаледе 5000 жылдык тарыхка ээ Троя байыркы шаарынын кире беришиндеги Троя музейи булардын бирөөсү. Пандемиядан мурда виртуалдык болбогон Троя музейи глобалдык эпидемия жарыялангандан 10 күндөн кийин маданият жана туризм министрлиги тарабынан виртуалдык чөйрөдө зыяратка ачылды.

Троя музейин интернет айдыңында кыдыруу үчүн түзүлгөн виртуалдык музейди ушул күнгө чейин 1 миллион киши кыдырды. Троя музейинин тышында Анадолу цивилизациялар музейи, Ефес музейи, Анкара этногрфия музейи, Зеугма мозаика музейи, Анталия музейи, Гөбеклитепе сыяктуу маданият жана туризм министрлигине караштуу көптөгөн жерди  www.sanalmuze.gov.tr интернет адресинен кыдырууга болот.

 



Тектеш кабарлар