Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-121

Түрк элдеринин адабиятынан – Боз талаалардын биринчи мугалими Ыбырай Алтынсарин

1532268
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-121

Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү чыгарылышында 19-кылымда жашап өткөн казак элинин эл агартуучусу, биринчи мугалими, этнограф, жазуучу жана коомдук ишмер Ыбырай Алтынсариндин чыгармачылыгы тууралуу кеп болмокчу.

Кадырлуу окурмандар, азыркы казак адабиятынын түптөлүшүнө чоң салым кошкон Ыбырай Алтынсарин - казак элинин улуттук маданиятын сактоо менен аны жаңылоо жолунда далай маңдай терин төккөн агартуучу. Ушундан улам казак адабиятында кара сөз түрүнүн башаты Алтынсариндин аңгемелерине барып такалат деп айтылат. Ал кырк сегиз жылдык өмүрүндө мугалимдик кызматта таасирдүү иштеп, бир жагынан балдар үчүн окуу китеби жазса, бир тарабынан чоңдор үчүн китеп даярдап, жамы журттун кат-сабатын жоюуга аракет кылган. Ошондой эле Алтынсарин казак үрп-адаттарынын жоголбой, келечек муунга жетишине бирден-бир салымын кошкон коомдук ишмер болгон. Алтынсарин 1841-жылы казак элинин Орто Жүз уруусунда азыркы Костанай шаарында төрөлгөн. Ал казак элинин өтө оор доорунда жашап өттү десек болот. Ал доор Орто Жүз менен Кичүү Жүз урууларынын Россиянын карамагында болуп, ал эми Улуу Жүздүн Кокон хандыгына калып эл башына кыйынчылык туулган доор болгон. Атасы Кененсары көтөрүлүшүндө өлтүрүлүп Алтынсаринди чоң атасы сактап калган. Ошентип үч жашынан чоң атасы Балкожа Жамбыршиндин колунда калып, кийин үч жыл диний билим алган. Андан улап орусча, татарча, арапча жана фарсча үйрөнгөн. Тилдерди мыкты өздөштүргөн Алтынсарин 1959-жылы ошол учурдун өтө маанилүү кызматы болгон котормочулук ишин аркалап, атактуу изилдөөчү Василий Григорев менен иштеше баштаган. Анын бай китепканасын колдонуп, өз элинин дини, адабияты жана маданияты тууралуу кеңири маалымат топтогон. Ошол учурда айтылуу тилчи Ильминский менен таанышып аны менен эки жылча иштешет. Мына ушундан улам өмүрүн илимге арнап, элинин билимин өркүндөткөнгө жан үрөгөн.

Алтынсарин 1860-жылы өзү төрөлгөн Торгай шаарында казак балдары үчүн мектеп ачууга киришкен. Чоңдордон колдоо ала албаган соң өзү жардам топтоп кыдырган. Алгач өз үйүндө билимин бере баштаган ал, кийин чогулган жардамдар менен мектеп ачкан. Бир жагынан элдик оозеки чыгармаларды жыйнаган. 1874-жылы Оренбургда орус мектебин бүтүрүп, Торгай облусундагы мектепке орус тил мугалими, ошол эле жерде 1879-жылы казак мектептеринин инспектору болуп иштеген. Окуу казак тилинде жүргүзүлгөн орус-казак мектептери үчүн билим берүү системасын иштеп чыккан. Мындан сырткары кол өнөр окуу жайын, казак мугалимдер мектебин ачкан. Талыкпай иштеген эмгекчил Алтынсарин коомдук иштеринин жанында изилдөө жана чыгармачылык иштерин дагы ала жүргөн. Анын “Кыргыз хрестоматиясы”, “Кыргыздарга орус тили үйрөтүүнүн куралы” окуу китептери белгилүү. Ал эми чыгармачылыгына абай салсак, эл арасында белгилүү болгон “Жаз”, “Өзөн” аттуу ырлардын, “Таза булак”, “Асыл чөп”, “Эне менен бала” сыяктуу аңгемелердин автору мына ушул киши болгон. Көп кырдуу эмгектеринин арасында котормолору да белгилүү. Ал айтылуу Толстой, Тихомиров, Крылов, Ушинскийдин чыгармаларын которуп, казак адабиятын көркөм котормо жанры менен байыткан. Алтынсарин дүйнөнүн белгилүү философ жазуучуларынын эмгектери менен да жакындан тааныш болгон. Өз чыгармалары да философиялык көз карашта жазылган. Мындан сырткары 1883-жылы “Казак газети” аты менен алгачкы казак гезитин чыгарган. Көп кырдуу ишти талыкпастан жасаган Ыбырай Алтынсарин өмүрүнүн аягына чейин Торгайда жашаган. Ал 1889-жылы бул дүйнөдөн кайткан.

Урматтуу окурмандар, бүгүнкү программабызда казактын алдыңкы агартуучуларынан болгон Ыбырай Алтынсарин тууралуу учкай кеп болду. Анын казак эли үчүн кылган кызматы унутулгус. Алтынсариндин чыгармаларынан сырткары анын маанилүү каттары жана расмий жазуулары Илминский тарабынан топтолуп “Алтынсарин боюнча эскерүүлөр” деген ат менен жарыяланган. Өмүрүн элин караңгылыктан чыгарууга арнаган бул эмгекчил адамдын ысмы өчпөс болуп Казакстандын район, айылдарына жана жогорку окуу жайына ыйгарылган. Анын урматына Костанайда эстелик тургузулуп, казак элинин урматына ээ болгон.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.



Тектеш кабарлар