Тарыхта бүгүн

Тарыхта ушул күнү болгон окуялар.

1523746
Тарыхта бүгүн

1938-жылдын 9-ноябрында Германияда нацисттик администрация еврейлерге каршы "Хрусталь түн" деп аталган массалык кол салууларды баштады. 2 күнгө созулган окуяларда Берлинде эле 7 миң дүкөн тонолуп, көптөгөн жөөттөр өлтүрүлдү. Германиянын жалпысында 200дөн ашуун синагога өрттөлдү.

1993-жылдын 9-ноябрында Югославиядагы жарандык согуш учурунда хорваттар тарыхый Мостар көпүрөсүн замбиректердин огу менен талкалап салышты. Жарандык согуштун символу болуп калган көпүрө 1566-жылы Босния-Герцеговина Осмон бийлигинин карамагында турган мезгилде курулган болчу. Тарыхый көпүрө Түркиянын жетекчилиги астында 2004-жылы оңдоп-түзөлүп кайрадан ачылды.

2016-жылдын 9-ноябрында АКШда президенттик шайлоодон жеңиш менен чыккан Республикачыл партиянын талапкери Дональд Трамп болду. Барак Обамадан кызматты өткөрүп алган Дональд Трамп АКШнын 45-президенти болду.



Тектеш кабарлар