Тарыхта бүгүн

Тарыхта ушул күнү болгон окуялар.

1518382
Тарыхта бүгүн

1517-жылдын 31-октябрында Мартин Лютер Виттенбергде 95 тезисин чиркөөнүн эшигине илип Ватикандын күчүнө каршы чыкты жана протестанттыкты жарыялады.

1831-жылдын 31-октябрында Осмон империясынын чек араларынын ичинде биринчи түркчө гезит «Таквим-и Векайи» жарык көрө баштады. «Таквим-и Векайи»  көбүнчө расмий жарыялар орун алгандыктан Осмон мамлекетинин Расмий гезити катары да белгилүү.

1956-жылдын 31-октябрында Египеттин мамлекет башчысы Насер тарабынан мамлекеттештирилип кемелердин өтүүсүнө жабылган Суэц каналы, Египет менен Британия жана Франциянын ортосунда жаңжалга себеп болду. Британия менен Франция каналды кайрадан ачуу үчүн Египетке абадан сокку урушту.

1984-жылдын 31-октябрында Индиянын биринчи жана жалгыз аял премьер-министри Индра Ганди эки сикхи жансакчысы тарабынан өлтүрүлдү. Кол салуудан кийин индустар сикхи тектүү жарандарга кол салышты жана кагылышууларда 2 миң сикхи каза болду.



Тектеш кабарлар