Тарыхта бүгүн

Тарыхта ушул күнү болгон окуялар.

1515592
Тарыхта бүгүн

740-жылдын 26-октябрында Стамбулдагы жер титирөөдөн 5 миңден ашуун адам каза болуп, жүздөгөн үйлөр жана ишканалар кыйрады.

**

1994-жылдын 26-октябрында Израиль менен Иорданиянын ортосундагы 46 жылдык согушту токтоткон тынчтык келишимине эки мамлекеттин чек арасында 5000 адам катышкан азем менен кол коюлду.

2002-жылдын 26-октябрында Москва театрында үч күнгө созулган барымтага алуу окуясы, Россиянын атайын күчтөрү тарабынан уюштурулган жана 50 чечен согушкер менен бирге курчоого алынган 800 адамдын 118инин өлүмүнө себеп болгон операция менен аяктады. Орус күчтөрүнүн операцияда уулуу газ колдонушу жана барымтадагылардын өлүмү үчүн Москва бийлиги Батыш өлкөлөрү тарабынан катуу сынга алынды.



Тектеш кабарлар