Буларды билесиздерби?

Түркиянын борбор шаары Анкарада жаратылыш тарых  музейинин бар экендигин билесиздерби?

1516166
Буларды билесиздерби?

 

Түркиянын алгачкы жана эң чоң жаратылыш тарых мeзейи 1968 -  жылы Анкарада минералдык изилдөө жана чалгындоо башкы дирекциясынын алдында түзүлгөн.

Түркиянын жана дүйнөнүн түрдүү жерлеринен чогултулган, фосил, минерал жана тоо  - кен үлгүлөрү көргөзмөгө коюлган музей үч кабаттан турат.

Музейдин биринчи кабаты келген кишилерди «космоско жолчулук» деген тема менен тосуп алат. Бул жерде күн системасынын ичиндеги планеталарды жакындан таануу, ай ташы, чагылган ташы жана метеорлорду изилдөө мүмкүнчүлүгү бар. Өткөн турмуштун калдыктары болгон омурткалуу жана омурткасыз жаныбарларга таандык фосилдер менен өсүмдүк фосилдери, 140 миллион жыл мурункусуна таандык  жырткыч динозаврлар, Мараш пили жана киттердин скелети музейдин биринчи кабатында орун алган. Ушул эле кабатта Түркиянын жаныбар жана өсүмдүктөрүнө таандык калдыктар менен тарыхтан мурунку адамдар колдонгон буюмдар коюлган көргөзмө да орун алган.

Түркиянын жана дүйнөнүн түрдүү жерлеринен алып келинген минералдар, кооздоочу таштар менен Түркияда кенчиликтин тарыхына байланыштуу үлгүлөрдү музейдин экинчи кабатынан көрүүгө болот.

Көзү көрбөгөн зыяратчылар үчүн даярдалган атайын бөлүм менен музей Түркияда бир алгачкы болуу өзгөчөлүгүнө ээ.

 



Тектеш кабарлар