Кыргызстандагы саясий окуялар

Евразия күндеми-43

1514661
Кыргызстандагы саясий окуялар

Ардактуу окурмандар!  “Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программада Кыргызстандагы соңку саясий окуялар тууралуу сөз кылабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрь күнү Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо болуп өттү. Борбордук шайлоо комитетинин билдиргенине ылайык, парламентке аттанган 16 партиянын ичинен 4 партия (“Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” жана “Бүтүн Кыргызстан”) 7 пайыздык чектен өттү. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып 5-октябрь күнү Ала-Тоо аянтында демонстрацияга чыгышты. Демонстранттар 6-октябрда таңкы саат 03.00дө Ак үйгө кирип барышты. Түн ортосунда Алмазбек Атамбаев, Сапар Исаков, Садыр Жапаров сыяктуу абактагы бир катар саясатчылар бошотулду. Коопсуздук күчтөрү менен демонстранттардын ортосундагы кагылышууларда жүздөгөн адам жаракат алып, 19 жаштагы жаран каза тапты.

6-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Жогорку Кеңештин спикери, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү арыздарын жазышып, кызматтан кетишти. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Оппозициядагы партиялар ортосунда убактылуу бийлик үчүн күрөш башталды. 9-октябрда Ала-Тоо аянтында өздөрүнүн талапкерин убактылуу Премьер-министрдин милдетин аткаруучу кылгысы келген эки топ ортосунда жаңжал чыгып, Садыр Жапаровдун жактоочулары  ϴмүрбек Бабановдун жактоочуларын аянттан кубалап чыгышты. Абал дагы да курчуп кетпеши үчүн Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарына өзгөчө абал режимин киргизди. 10-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын эки жансакчысы камакка алынды.

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары үчүнчү жолу чогулуп, 13-октябрда Садыр Жапаровду Премьер-министр кызматына бекитишти. Парламенттин спикери кызматына болсо Канат Исаев шайланды. Жапаровдун жактоочулары митингди токтотпой улантышканынан улам 15-октябрь күнү Президент Сооронбай Жээнбеков отставкасын жарыялады. Спикер Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тартты. Президенттин милдетин убактылуу аткаруу укугу Премьер-министр Садыр Жапаровго берилди.

Кыргызстандагы акыркы окуялар эл аралык коомчулуктун көңүл чордонунда болду. Россиянын Президенти өзүнүн атайын өкүлүн Бишкекке жиберди. Орто Азия мамлекеттеринин башчылары, Түрк Кеңеши, Европа Биримдиги, АКШ атайын билдирүү жасап кыргызстандыктарды баш мыйзамды сактоого үндөштү.

Кыргызстанда абал турукташа баштады. 16-октябрда Бишкектеги өзгөчө абал режими алынып салынды. Кыргызстандагы убактылуу бийлик эл аралык партнёрлор менен кызматташууну улантып жатат.

Пандемияга бийликтин чабал даярдыгы, пандемиядан улам өлкөдөгү экономикалык абалдын начарлаганы жана шайлоо учурунда кетирилген кемчиликтер элдин бийликке болгон нааразычылыгына себеп болду. Натыйжада өлкөдө бийлик алмашты.

Жакынкы 2, 3 ай аралыгында өлкөдө парламенттик жана президенттик шайлоолор өткөрүлөт. Эки шайлоо бир күндө өткөрүлүшү да мүмкүн.

Эскертүү; Жогорку Кеңештин депутаттары  бир канча күндөн бери шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн үстүндө иштеп, кечээ 22-октябрда “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдын 38 жана 63-беренелеринин колдонулушун токтото туруу каралган. Тагыраагы, конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону өткөрүүнү токтото турууну добушка салып, кабыл алышты. Бул мыйзамга президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров тарабынан кол коюлду.
Кабыл алынган жаңы мыйзамда шайлоо босогосунун түшүрүлүшү, күрөө акчанын азайтылышы жана Форма-2нин жоюлушу да каралган. Алдыда боло турган шайлоолор Кыргызстандын кандай нукта өнүгө тургандыгын белгилей турган чечүүчү шайлоолор болот.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков



Тектеш кабарлар