Тарыхта бүгүн
Тарыхта ушул күнү болгон окуялар.
1510832
1931-жылдын 18-октябрында АКШлык окумуштуу жана ойлоп табуучу Томас Эдисон 84 жашында Нью-Жерсиде көз жумду. Жүздөгөн ойлоп табууларды ишке ашырган Эдисон, көбүнчө үйдүн жарыгы үчүн ойлоп тапкан электр лампасы менен белгилүү.
1967-жылдын 18-октябрында Советтер Союзу учурган Венера-4 космостук кемеси Венерага жетти. Венера-4 Жерден тышкары планетанын атмосферасын изилдеген жана тараткан биринчи космостук кеме болду.
1991-жылдын 18-октябрында Азербайжан Советтер Союзунан бөлүнүп, көз карандысыздыгын жарыялады.