Кыргыз Республикасынын Президентинин Венгрияга жасаган иш сапары

Евразия күндеми-41

1505873
Кыргыз Республикасынын Президентинин Венгрияга жасаган иш сапары

Ардактуу окурмандар! “Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Венгрияга жасаган иш сапары тууралуу сөз кылабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 28-29-сентябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Венгрияда расмий визит менен болду. Расмий жолугушуу аземинен кийин Президент Жээнбеков менен Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан чакан жана кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөр жүргүзүштү. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Сооронбай Жээнбеков менен Виктор Орбан Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшту. Ошентип Венгрия Кыргызстандын Европадагы алгачкы стратегиялык өнөктөшү болду. Эки тарап ортосунда Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондун куруу, Кош салыктан качуу, Инвестицияларды коргоо жана кеңейтүү, Венгрияда кыргыз жарандарынын билим алышы үчүн бөлүнгөн квоталык орундарды 75тен 150гө көбөйтүү, Экономиканы санариптештирүү тармагында кызматташуу жана Саламаттык сактоо тармагында кызматташуу сыяктуу жалпысынан 15 келишимге кол коюлду.

Сооронбай Жээнбеков иш сапары алкагында Венгриянын Улуттук Жыйынынын Төрагасы Ласло Кёвер жана Венгриянын Президенти Янош Адер менен да жолугушуп, эки өлкөнүн кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулады.

Андан соң Президент Жээнбеков Будапешт мэри Гергей Карачонь менен бирге шаардагы сейил бактардын бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу аземине катышты. Венгерлердин Чыңгыз Айтматов жана анын чыгармаларын жакшы билишээри иш сапары учурунда айкын белгилүү болду.

Президент Жээнбеков иш сапарынын соңунда Венгриянын Премьер-министри менен бирге Венгриядагы Түрк Кеңешинин өкүлчүлүгүнө барды. Түрк Кеңешинин өкүлчүлүгүндө Айтматовдун чыгармачылыгына арналган сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Президент Жээнбеков Түрк Кеңешине мүчө мамлекеттердин лидерлеринин ичинен уюмдун Будапешттеги өкүлчүлүгүнө барган алгачкы лидер болду.

Президент Жээнбековдун Венгрияга болгон иш сапарынын алкагында 29-сентябрда эки өлкөнүн ишкерлеринин катышуусу менен бизнес-форум өткөрүлдү. Бизнес-форумда бир катар келишимдерге кол коюлду.

Кыргызстан-Венгрия мамилелери 1992-жылы түзүлгөнүнө карабастан эки мамлекет ортосундагы кызматташтык солгун эле. Акыркы жолу Кыргызстандын убактылуу Президенти Роза Отурбаева 2011-жылы Венгрияда иш сапары менен болгон. Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын 2018-жылы Кыргызстанга жасаган иш сапарынан кийин Кыргызстан-Венгрия кызматташтыгы өнүгө баштады. Орбан бул иш сапарында Түрк Кеңешинин Саммитине жана Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышкан. 2019-жылы сентябрда Бишкекте соода-экономикалык кызматташуу боюнча Кыргызстан-Венгрия өкмөттөр аралык комиссиянын алгачкы жыйыны болгон. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында болсо Бишкекте Венгриянын Элчилиги ачылды.

Кыргызстан менен Венгрия буга чейин негизинен айыл чарба, фармацевтика тармактарында жакын кызматташып келишкен. Жаңы уюштурулган Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондуна Венгриянын 50 миллион доллар насыя бере тургандыгынын жарыяланышы, аты аталган фонд эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга мүмкүнчүлүк жаратканынан кабар берет.

Жээнбековдун иш сапарында Бишкек-Будапешт маршруту боюнча түз аба каттамын ачуу боюнча макулдашууга жетишилди. Бул чечим эки өлкө мамилелеринин өнүгүшүнө зор салым кошот. Президент Жээнбековдун Венгрияга жасаган иш сапары жемиштүү болду десек жаңылбайбыз.

Кошумчалай кетсек, учурда өлкөдө шайлоодон кийин шайлоону тааныбаган партиялар уюштурган митингдин аягы Ак үй жана мамлекеттик мекемелерди басып алуу менен аяктап, легитимдүү президент Соорнбай Жээнбековдун кызматын улантабы же кетеби деген суроо турат.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков



Тектеш кабарлар