Тарыхта бүгүн
Тарыхта бүгүн болгон окуялар.
1495383
1821-жылдын 23-сентябрында, Осмон империясына каршы башталган Мора көтөрүлүшү маалында Гөрдүш (Триполиче) шаарын басып алган куралдуу гректер 10 миңден ашуун карапайым түрктү кырып салышты.
1973-жылдын 23-сентябрында, дүйнөгө белгилүү чилилик акын Пабло Неруда 69 жашында дүйнө салды. Саясий көз карашынан улам өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн Чилинин тышында өткөрүүгө аргасыз болгон Неруда 1971-жылы адабият жаатында Нобель сыйлыгын алды.
1973-жылдын 23-сентябрында, 18 жыл мурун бийликтен кулатылган Хуан Перон сүргүндөн кийин кайрадан Аргентинанын президенти болуп шайланды.