Тарыхта бүгүн
Тарыхта бүгүн болгон окуялар.
1980-жылдын 22-сентябрында, Ирак Иранга согуш жарыялагандан кийин жана Тегерандагы Мехрабад аэропорту менен бирге 7 аэропортту бомбалаганы боюнча Иран-Ирак согушу башталды. 8 жылга созулган согушта бир миллионго жакын адам каза болду.
1985-жылдын 22-сентябрында, Француз өкмөтү 1985-жылы 10-июлда Жаңы Зеландиянын Окленд портунда чөгүп кеткен Гринписке таандык "Rainbow Warrior" кемесин Франциянын жашыруун кызмат тыңчыларынын чөктүргөнүн моюнга алды.
1993-жылдын 22-сентябрында, Нью-Йорк Метрополитен музейи, Түркиядан мыйзамсыз уурдалган "Карун казынасын" Түркияга кайтарып берээрин билдирди. Түркия 1987-жылдан бери кенчти кайтарып алуу үчүн юридикалык күрөштү улантып жаткан эле. 432 бөлүктөн турган Карун казынасы 3 күндөн кийин Түркияга алып келинди.