Тарыхта бүгүн

Тарыхта бүгүн болгон окуялар.

1489816
Тарыхта бүгүн

1812-жылдын 14-сентябрында, Франциянын императору Наполеон Бонапарт жана анын армиясы Москваны басып алышты, бирок орус командирлери артка чегингенде шаарды жараксыз абалга келтиришти. Шаарда чыккан жана бир нече күнгө созулган өрттөн кийин, орустардын тынымсыз кол салууларынан жана кыш мезгилинен улам армиясы чоң жоготууларга учураган Наполеон бир ай турган соң Москвадан кетүүгө аргасыз болду.

1960-жылдын 14-сентябрында Ирак, Иран, Кувейт, Сауд Арабия жана Венесуэла "Мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн уюмун" ОПЕКти түзүштү. Учурда 14 өлкө ОПЕКтин мүчөсү жана бул өлкөлөр мунай өндүрүшүнүн жарымына жакынын камсыздашат.

1982-жылдын 14-сентябрында, америкалык актриса жана Монаконун принцессасы Грейс Келли 53 жашында жол кырсыгынан көз жумду.



Тектеш кабарлар