Буларды билесиздерби?

Баклава

1490200
Буларды билесиздерби?

Баклаванын түрк таттуусу катары тастыкталгандыгын билесиздерби?

Жакынкы Чыгыш, Чыгыш Жер Ортолук деңиз, Балкандар жана Кавказиядагы дээрлик бардык коом баклаваны өздөрүнүн салттык таттуулары катары билишет. Бул аймактардын бир убактар Осмон империясынын аймагында болгондугуна көңүл бура турган болсок, баклаванын осмондук таттуусу экендиги айтыла алат. Бирок баклаванын теги андан да эскилерге барат.

Көчмөн турмушта жашаган түрктөр бышырган жупкаларды нандын ордуна жешкендери белгилүү. Бүгүн да Түркиянын бир топ жеринде жупкалар бышырылат. Жупканы негизги азык катары колдонгон көчмөн түрктөр кайра кайра жайылып жана бышырылган жупкалардын ортосуна каймак менен бал сыяктуу даамдарды сүйкөп камырдан жасалган таттууларды жасашкан. Бул таттуулар баклаванын келип чыгышына себеп болгону кабыл алынууда.

2013 – жылы Европа Биримдиги Комиссиясы түрк таттуусу катары тастыктаган баклава Газиантеп шаары менен айкалышууда.  

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар