Түркиянын ПКК террору менен күрөшүүсү

SETA /  Тышкы саясат боюнча изилдөөчү адиси Жан Ажундун бул темага байланыштуу баамдоосу.

1476476
Түркиянын ПКК террору менен күрөшүүсү

Түркиянын ПКК террору менен күрөшүүсү    

Иракта удаама-удаа жок кылынган ПКК террордук уюмунун башкаруучулары тууралуу кабарлар басма сөзгө чыгып жатканда, Түркия террор менен күрөшүүсүндө акыркы бир канча жылдан бери өзгөрткөн  стратегиясынын жемишин ала баштагансыйт. 2016-жылдын 15-июлунда болгон төңкөрүш аракетинен кийин удаа жаңы коопсуздук доктрини менен коркунучту булагында жок кылуу стратегиясын ишке ашырган Түркия ошол эле убакта улуттук мүмкүнчүлүктөр менен өнүктүргөн жаңы техникалык жөндөмдүүлүк жана күчтүү чалгындоо түзүлүшү менен ПКК террордук уюмун мурда болуп көрбөгөндөй күчтөн тайдырган абалда.

SETA /  Тышкы саясат боюнча изилдөөчү адиси Жан Ажундун бул темага байланыштуу баамдоосу...        

Түркия акыркы жылдарда ПКК террордук уюмуна карай аянтта толук кыстоо деп айтсак боло турган стратегия менен аябай көп чабуул коштогон күрөш жүргүзүүдө. Уюмдун Түркия, Ирак жана Сирия чек арасына жайылган учурдагы абалына туруктуу кысым көрсөтүп, башкаруучу тобун бутага алып, буйрук көзөмөл түзүлүшүн начарлата турган операция ыкмасын ишке ашырууда. 15-июлдан көп өтпөй «Эвфрат калканы» операциясы менен чек аранын ары жагына операцияларын баштаган Түркия, «Зайтун бутагы» операциясы, «Тынчтык булагы» операциясы, «Чечкиндүүлүк» операциясы жана учурда жүргүзүлүп жаткан «Чеңгел-Жолборс» операциялары менен террордук уюмду Ирак-Сирия чек араларында жер ээлөөгө жол бербей, кысымга алып кыймыл жөндөмдүүлүгүн азайтууну издөөдө. Түркия мындан мурда чек аранын ары жагына операцияларын ишке ашырган соң тийиштүү аймактардан чыгып кетип жатса, эми туруктуу түрдө аянт күзөтүн кылып уюмдун толтур бошот түзүлүшүнө да бөгөт кое баштады.

Булардын бардыгы менен катар Түркия эми абдан таасирдүү түрдө уюмдун лидерлерин бутага алып, уюмдун буйрук көзөмөл түзүлүшүн бир стратегиянын ичинде таасирсиз кылууга аракет кылып жатат. Акыркы бир канча жылда КЖКнын аткаруу кеңешинин мүчөсү болгон бир топ ысым, айрыкча Түркия, Ирак жана Сириядагы аянт командирлеринин маанилүү бир бөлүмү жок кылынган абалда. Бул жерде таасирдүү чалгындоолор менен катар Түркиянын өз улуттук мүмкүнчүлүктөрү менен өнүктүргөн учкучсуз учуучу аппараттарынын абдан чоң таасири бар.

Түркия өнүктүргөн жана дүйнө жүзү дагы суктануу менен караган «TB2» жана «Ankа» сыяктуу учкучсуз учуучу куралдуу аппараттар террордук уюмунун кыймыл  жөндөмдүүлүгүн дээрлик толугу менен жок кылып, уюмдун көңүлүн чөгөрүп, мотивациясына оор сокку урган болду. Түркияда учурда жүрөт делген террорист саны үч жүзгө чейин азайтылып, террордук уюм болсо Иракта жана Сирияда дагы коргонуу абалына өтүп, кыймыл кылуу жана каршы кол салуу жөндөмдүүлүгүн чоң өлчөмдө жоготкон абалда.

        



Тектеш кабарлар