COVID-19га каршы күрөш үчүн Түркиянын Евразиядагы мамлекеттерге көрсөткөн жардамы

Евразия күндеми-33

1472885
COVID-19га каршы күрөш үчүн Түркиянын Евразиядагы мамлекеттерге көрсөткөн жардамы

Ардактуу окурмандар!  “Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда коронавирус илдетине каршы күрөш үчүн Түркиянын Евразия аймагындагы мамлекеттерге көрсөткөн жардамы тууралуу сөз кылабыз.

 COVİD-19 пандемиясы Евразия аймагындагы мамлекеттерге терс таасирин тийгизип жатат. Региондогу мамлекеттерде коронавируска чалдыккандардын саны өсүп, эпидемиологиялык абал оор бойдон калууда. Региондогу кээ бир чакан мамлекеттердеги коронавируска чалдыккандардын калктын жалпы санына катышы аябай эле жогору. Ошондуктан Евразия аймагындагы мамлекеттердин көпчүлүгү пандемия менен күрөшүү үчүн сырттан жардам алууну улантууда.

Түркия июль айында Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана ϴзбекстанга COVİD-19га каршы күрөш үчүн экинчи жолу медициналык жардам жиберди. Түркия июнь айында Афганистанга да медициналык жардам жиберген болчу. Бул жардам таңгактарында бет каптын түрлөрү, коронавирусту аныктоочу тест, жасалма дем алдыруучу аппараттар, дары-дармектер жб. ар кыл керектүү буюм-тайымдар камтылган. Түркиянын Евразия мамлекеттериндеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана аймактагы Түрк ишканалары пандемия башталган убактан бери жардамдарын улантышууда.

Түркия Евразиядагы жогоруда аты аталган мамлекеттердин пандемия убагындагы дарыгерлерге болгон муктаждыгын жоюу үчүн Түркияда иштеп же ординатурада окуп жаткан догдурлардын өз мамлекеттерине белгилүү убакытка барып бейтаптарды дарылап келишине уруксат берди. Мындан сырткары жардамга муктаж тараптардын суранычы боюнча Түркия өзүнүн дарыгерлер тобун тажрыйба алмашуу үчүн аймактагы өлкөлөргө жиберди. Мисалы, өткөн айда ϴзбекстандын суранычын канааттандырып түрк дарыгерлери аты аталган мамлекетке барып, өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Түркиянын тиешелүү мекемелеринин COVİD-19га каршы күрөш боюнча аймактагы мамлекеттердин жетекчилери менен кеңешүү жана жолугушуулары тынымсыз уланып жатат. Түркия мындай иш-аракеттери аркылуу пандемия менен күрөш учурунда Евразия аймагындагы мамлекеттердин жөлөгү экенин айгинеледи.

Түркиянын пандемия учурундагы абалды ийгиликтүү башкарып жатканы, Евразия аймагындагы мамлекеттердин кызыгуусун туудуруп жатат. Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги күзүндө Түрк Кеңешине мүчө мамлекеттерден делегацияларды Түркияда кабыл алып, өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшө турган болду. Негизинен Түрк Кеңешине мүчө мамлекеттердин дарыгерлеринин онлайн форматта тажрыйба алмашуусу жүргүзүлө баштаган. Түркиянын саламаттык сактоо тармагына салган инвестициялары жана өлкөнүн пандемияга каршы эффективдүү күрөшү, Түркияны жакынкы келечекте дүйнөнүн алдыңкы медицина борборлорунан бири кылат десек жаңылышпайбыз.

 COVİD-19 башталган учурдан бери Түркия 130га жакын мамлекетке жардам берди. Түркиянын жакынкы чөйрөсүнө, дос жана боордош мамлекеттерге жардамдары болсо, жогоруда берилген маалыматтардан байкалгандай эле, үзгүлтүксүз уланууда. Түркия жакынкы чөйрөсүндөгү мамлекеттер менен тыгыз кызматташуу аркылуу кыйынчылыктарды бирге жеңип, бирге өнүгө алыша тургандыгын дос жана боордош союздаштарына көрсөтүүнү каалайт.

Түркиянын адамга маани берген, демилгелүү жана активдүү тышкы саясатынын туура жана пайдалуу экендиги пандемия учурунда ар тараптан далилденди. Анкаранын бул саясатынын Евразия аймагындагы мамлекеттердин карапайым элине пайдасы көп тийүүдө. Түркия, түрк дүйнөсү жана жакынкы чөйрөсү үчүн өрнөк мамлекет болууну улантат. Аймактагы мамлекеттер өз ара кызматташууну жана жардамдашууну улантуу аркылуу пандемиядан күчтүү болуп чыга алышат.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков



Тектеш кабарлар