Монголияда шайлоо болуп өттү

Евразия күндеми-27

1447910
Монголияда шайлоо болуп өттү

Ардактуу окурмандар!  “Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Монголияда болуп өткөн парламенттик шайлоо тууралуу сөз кылабыз.

2020-жылдын 24-июнь күнү Монголияда парламенттик шайлоо болуп өттү. Шайлоодо 13 партия, 4 коалиция жана жеке кандидаттар болуп, жалпысынан 606 талапкер ат салышты. Бийликтеги Монголия элдик партиясы парламенттеги 76 орундун 62син алууга жетишти. Оппозициядагы Монголия демократиялык партиясы болсо болгону 11 мандат ала алды. 3 орун болсо калган коалициялардын өкүлдөрүнө тийди. Шайлоого өлкөдөгү 2 миллион шайлоочунун 73 пайызы катышты. Монголияда болуп өткөн бул шайлоонун бир канча маанилүү жагдайы бар.

Биринчиден, Монголия пандемия учурунда шайлоо өнөктүгүн ийгиликтүү өткөрө алды. Шайлоонун тынч өтүшү үчүн 23-25-июнь күндөрү Улан-Батордо ичимдиктердин сатылышына тыюу салынды. Шайлоо күнү Улан-Батордо добуш берүү үчүн узун кезектердин жаралганы, элдин пандемияга карабастан шайлоого чоң маани беришкендигинин далили катары эсте калды. Шайлоо участокторунда шайлоочуларга маска жана кол кап таркатылды. Шайлоо учурунда одоно мыйзам бузуулардын катталгандыгы боюнча медиада кабар чыккан жок. Монголияда болуп өткөн шайлоо Түштүк Кореядан кийин пандемия учурунда ийгиликтүү шайлоо өткөрсө боло тургандыгын дагы бир жолу тастыктады.

Шайлоодо жеңип чыккан Монголия элдик партиясы, парламенттик шайлоолордо катары менен экинчи жолу ийгиликке жетишти. Монголия калк партиясынын шайлоодо жеңишке жетишишинде пандемия учурундагы ийгиликтүү иш аракеттеринин да таасири чоң болду десек жаңылышпайбыз. Кытайдын жакын коңшусу болгон Монголия COVİD-19 жаңы чыккандан баштап эле керектүү чараларды көрүү аркылуу азырга чейин пандемияга каршы ийгиликтүү күрөшүп жатат. Монголияда вирусту жуктуруп алгандардын саны 219га жетти жана азырынча бир дагы жаран COVİD-19дан каза боло элек.

Монголиянын Премьер-министри Ухнаагийн Хурэлсух шайлоодо жеңишке жетишкени менен аны оор сыноолор күтүп турат. Пандемия менен кошо башталган экономикалык кыйынчылыктар мындан кийин дагы да көбөйөт. Мындан сырткары Монголиянын Президенти Халмаагийн Баттулга демократиялык партиянын өкүлү болуп саналат. 26-июнь күнү Президент келип түшкөн арыздардын негизинде шайлоо бюллетендеринин кайрадан эсептелип чыгышын Борбордук Шайлоо Комиссиясынан суранды. Бирок бюллетендердин кайрадан эсептелиши шайлоо жыйынтыктарын кескин өзгөртүп жиберишин айтуу кыйын.

Монголиядагы шайлоонун дагы бир өзгөчөлүгү Монголия демократиялык партиясынын лидери Сондомзундуйн Эрдененин шайлоодо жеңилүүгө дуушар болгондон кийин өз каалоосу менен арызын жазып партия лидерлиги кызматын тапшыргандыгын жарыялаганы болду. 1996-жылы бийликке келген жана акыркы 25 жылдагы мамлекеттин тарыхында маанилүү роль ойногон Монголия демократиялык партиясы кайрадан бийликке келүү үчүн өз саясатын карап чыгышы керек экендиги байкалууда.

Шайлоодо 13 мандатты аял кандидаттар жеңип алды. Бул көрсөткүч эгемендүү Монголия тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч десек жаңылышпайбыз. Мурдагы чакырылышта 11 аял эл өкүлү катары кызмат кылышкан болчу.

 Монголияда болуп өткөн шайлоодо кээ бир мүчүлүштүктөр да болду. Пандемиядан улам чет жерде жашаган монгол жарандары шайлоого катыша алышкан жок. Эгер пандемия улана бере турган болсо шайлоо өткөрө турган мамлекеттер бул маселени алдын ала чече турган механизмдер иштеп чыгышы зарыл.

Шайлоодо жеңишке жетишкен Монголия элдик партиясынын программасында калктын социалдык маселелерин чечүүгө, тагыраак айтканда социалдык мамлекет болууга басым жасалгандыгын байкоого болот. Партиянын программасында саламаттык сактоо сыяктуу тармактардагы жарандарга жеңилдиктер жарата турган жана аларга кызмат көрсөтүү жаатындагы иш-аракеттер алдыңкы планга чыгарылган. Пандемиянын адамзатка тийгизе турган пайдаларынан бири, “социалдык мамлекет” түшүнүгүнүн маанисинин жогорулашы болот окшойт.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков

 



Тектеш кабарлар