Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-96

Түрк элдеринин адабиятынан – Кожо Насреддин

1430862
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-96

Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү чыгарылышында түрк тектүү калктар арасында өзүнүн акылы жана куйкум сөз тапкычтыгы менен элди күлдүргөн апенди же кожо аты менен кеңири таанымал Кожо Насреддин тууралуу кеп кылабыз.

Куудулдугу менен атагы Түркстандан Венгрияга, Сибирден түндүк Африкага чейин, деги эле түрк элинин басып өткөн географиялык аймактарда “Насреддин Кожо”, “Молдо Насреддин”, “Насра Кожо”, “Насридин”, “Насреддин апенди”, “апенди”, “афанди”, “эпенди” жана “Хужа Насретдин” деген ат менен маалым болгон бул улуу инсан тарыхый маалыматтар боюнча 1208-жылы Анадолу аймагында жарык дүйнөгө келген экен. Ал эми кай бир маалыматтарга караганда Осмон Империясынын падышасы Йылдырым Бейазыт мезгилинде жашап өткөнү айтылат. Кожо Насреддин тууралуу кеңири маалыматка ээ болбосок да анын тарыхый инсан экенин жазылып калган маалыматтар жана эл оозунда айтылып жүргөн анекдоттору тастыктайт. Куудул тууралуу Хасан Эфенди аттуу бир имамдын убагында жазып калтырган “Адабият илими” аттуу китебинен да жолуктурууга болот. Бул булакта Кожо Насреддиндин атасы Абдуллах Эфенди Анадолунун Сиврихисар деген жеринде жашап жана ошол аймактын билимдүү молдо кишиси болгон экен. Ошол 13-кылымда Акшехир жана Кония өтө белгилүү маданий борборлордон болуп турган. Муну билген Кожо Насреддин жаш кезинен Акшехир шаарына келип, ал жерден күчтүү молдолордон таалим-тарбия алат. Андан кийин Конияга келип Пир Эби, Хажейи Жихан жана Хаже Факих сыяктуу ошол доордун мыкты аалымдардын колунан окуп билимин тереңдетет. Кожо Насреддин Мевлана менен жолугуп анын диний жыйындарына да катышканы тууралуу айтылат. Жашоосу тууралуу көп маалымат жок болгону менен анын анекдотторунан бир топ маалыматка ээ болобуз. Кожо Насреддиндин жоруктарын изилдегендердин айтымында ал бир канча жолу үйлөнгөн жана балдары болгон экен. Кожо Насреддин өз доорунда имамдык, мугалимдик, сотто казылык, медреселерде молдолук кызматтарды өтөгөнү да айтылып келет. Куудулдун качан каза болгону билинбесе да анын Түркиянын Акшехир шаарында жашап өткөнү көпчүлүк тарабынан кабыл алынган.

Бир күнү молдо Кожо Насреддинге келет. Кожону үйүнөн таба албай, анын эшигинин сыртына “эшек” деп жазып кетет. Экинчи күнү Кожо молдого көчөдөн жолугуп калып: “Кечээ мени издеп үйгө келип кетипсиз” – дейт. Анда молдо: “Ким айтты?” – десе, Кожо Насреддин каамырабай: “Эшиктин сыртына атыңызды жазып кеткен турбайсызбы, ошондон билдим” – деген экен. Мына ушундай жана ушул сыяктуу өтө көп мыскыл анекдоттору түрк дүйнөсүнө алгач кербендер аркылуу тарап, аңызга айланган Кожо Насреддиндин жоруктары дагы да болсо эл ичинде унутулбай жашап келет. Түркиянын чоң шаарларына барып калганыбызда эшегин тескери минген эстеликтерди жолуктурууга болот. Бул албетте эл арасында Кожо Насреддиндин унутулбаган элеси. Ал өзүнүн анекдоттору менен адамдарды бирде күлдүрсө бирде ойго салган. Акылы менен калчап, куйкум сөзү менен адамзатка жол көрсөткөн, мыскылы менен акыл-насаат үйрөткөн. Кожо Насреддиндин анекдоттору китеп түрүндө түрк дүйнөсүнө 19-кылымдарда тарала баштаган. Ошол доордун маданий борборлору Бухара, Самарканд жана Казан шаарларынан которулуп басылып чыккан. Азыркы учурда түрк тектүү элдерден сырткары Кожо Насреддиндин анекдоттору англис, немец, орус, япон жана башка тилдерге которулуп дүйнөлүк адабиятка салымын кошкон. Түрк элинен чыккан Кожо Насреддин эл аралык маданият, достук жана ынтымактын элчиси катары бааланат. Ушул себептен ЮНЕСКО 1996-жылы “Кожо Насреддин жылы” деп жарыяланган.

Урматтуу окурмандар, дүйнөнүн төрт тарабына наамы жайылган Кожо Насреддин ар качан эл ичинде жашап келет. Кожо Насреддиндин же болбосо апендинин жоруктарына кызыгуу жаралган болсо анда, кыргыз тилинде Эшмамбетовдун изилдөөлөрүндөгү китебинен окуп чыгышыңыздарды сунуштайбыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова

 


Тектеш кабарлар