Буларды билесиздерби?

«ПЬЕРРЕ ЛОТИ КОФЕ»

1418495
Буларды билесиздерби?

Cтамбулдун Эйүп  районунда атын белгилүү француз жазуучусунан алган  бир кофе ичүүчү жердин бар экенин билесиздерби?

1850 -  1923 -  жылдардын ортосунда жашаган француз жазуучу Пьерре Лоти Стамбулдан жана осмондук маданиятынан абдан таасирленет, көптөгөн жолу Стамлуга келет жана көп убакыт бул жерде жашаган.

Стамбулга экинчи жолу келгенде ал учурдун Осмондук мезгилиндеги Түркиясынан сөз кылган «Азияде» аттуу романына атын берген бир аял менен таанышат. Лоттинин бул романы абдан жактырылган жана кенен окурман тарабынан таанылган.

Пьерре Лотти Стамбулда диний жерлерди, мүрзөлөрдү, табигый кооздуктары менен негизги жана эски отурукташуу жери болгон Эйүптү абдан жактырган. Эйүп үстүндө жайгашкан жана Халичтин баарын көрүүгө болгон бир  кофе ичүүчү жайга бат  - бат барып, ал жерде көптөгөн саат отуруп, кальян чегип, адамдар менен маектешкен.

Бүгүн жергиликтүү жана чет элдик туристтердин кызыгуусун тарткан бул кофе эми Пьерре Лоти кофеси деп билинүүдө.



Тектеш кабарлар