2020 - Кѳсѳм Тонюкук жылы

Евразия күндеми-18

1409954
2020 - Кѳсѳм Тонюкук жылы

Саламатсыздарбы, ардактуу угармандар! Азыр сиздер “Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү уктуруубузда Тонюкук жазма эстелигинин тургузулушунун 1300 жылдык маарекесине карата Эл аралык Түрк Академиясы тарабынан уюштурулган эл аралык конференция жана Түрк Академиясынын ишмердиги тууралуу кеп салабыз.

Эл аралык Түрк Академиясы 2020-жылдын 24-апрелинде “Улуу талаа цивилизациясы: Тонюкук мурасы жана азыркы түрк дүйнѳсү” аттуу эл аралык видео конференция ѳткѳрдү. Көпчүлүккө маалым болгондой эле, ЮНЕСКО 2020-жылды “Кѳсѳм Тонюкук жылы” деп жарыялаган. “Тонюкук жылынын” ачылыш аземи катары уюштурулган эл аралык видео конференцияга ЮНЕСКО, Түрк Кеңеши, ТүркПА, Эл аралык Түрк маданияты жана мурасы фонду, ТҮРКСОЙ сыяктуу эл аралык уюмдардын ѳкүлдѳрү, Азербайжан, Кыргызстан жана Казахстандын улуттук илимдер академияларынын жана Түрк тил коомунун жетекчилери, АКШ, Венгрия, Германия, Казакстан, Кыргызстан, Монголия, ϴзбекстан жана Түркиядан илимпоздор катышышты.

Конференциянын ачылыш аземинен кийин илимпоздор өз докладдарын окушту. Түрк Академиясы тарабынан алгачкы жолу уюштурулган видео конференцияда бир канча тилде синхрондук котормо жасалды. Жыйында “Кѳсѳм Тонюкук” аттуу китептин бет ачаары да болду. Аты аталган китепте Тонюкук жазма эстелигинин транскрипциясы жана 12 тилдеги котормолору берилген.

Монголиянын улуттук музейинин директору Дагваадорж Сухбатар  жыйынга катышкандарды музейдеги “Тонюкук” жазма эстелигине тиешелүү буюмдар менен тааныштырды. Дагваадорж Сухбатардын Тонюкук жазма эстелигин “ЮНЕСКО дүйнѳ мурасы тизмесине” киргизүү сунушу иш-чарага катышкандар тарабынан колдоого алынды. Тиешелүү мекемелер бул маселе боюнча ЮНЕСКОго бирге кайрылуу жасоону пландап жатышат.

Урматтуу окурмандар, COVID-19 илдетинен улам дүйнѳдѳ ѳзгѳчѳ кырдаал ѳкүм сүрүп жатканына карабастан, алдын ала пландалган “Кѳсѳм Тонюкук жылы” иш-чараларынын кийинкиге жылдырылбай уюштурулуп жатканы маанилүү болуп саналат. Белгилей кетчү жагдай, Түрк Академиясы 21-апрель күнү да Азербайжан, Башкурдистан, Казакстан, Кыргызстан, ϴзбекстан, Татарстан жана Түркиянын улуттук илимдер академияларынын жетекчилеринин катышуусу менен Түрк дүйнѳсү илимдер академиялары биримдигинин кезексиз жыйынын ѳткѳрүшкөн эле. Видео конференция аркылуу уюштурулган бул жыйында COVID-19 илдетине каршы күрѳш жана биримдүүлүккө байланыштуу күн тартибинде турган маселелер талкууланган. Түрк Кеңешинини 10-апрелдеги кезексиз саммитинен кийин Эл аралык Түрк Академиясынын мындай иш-чараларды уюштуруп жатканы аябай маанилүү десек жаңылышпайбыз. Кошумчулай кетчү нерсе, Түрк Академиясы пандемиядан улам акыркы 10 жылда жарыялаган эмгектеринин электрондук вариантын окурмандарга ачты.

Келечекте Түрк дүйнѳсүнүн күчтүү болушу, Түрк Республикаларынын илим-билим тармагында өз ара кызматташуусу менен түздѳн-түз байланыштуу экендиги баарыбызга маалым. Орток тарыхтан орток келечекке жетүү үчүн Эл аралык Түрк Академиясы сыяктуу Түрк Республикаларынын орток институттары жана уюмдары дагы кѳбүрөөк демилге кѳтѳрүп, пандемия сыяктуу кырдаалдарга карабастан коюлган пландарды ишке ашыруу үчүн талыкпай аракет кылып, түрк калктарына ишеним жана сыймык тартуулашы керек.

Улуу Түрк Кагандыгында вазир кызматын аркалаган Тонюкук Түрк дүйнѳсүнүн биригиши үчүн маанилүү тарыхый инсан болуп саналат. Улуу Түрк Кагандыгы доорунда түрк урууларынын биригиши жана мамлекеттик башкаруунун акылмандык менен ишке ашырылышында Тонюкуктун салымы чоң болгон. Азыркы учурда да Түрк Республикаларынын ортосундагы интеграциянын ишке ашырылышы үчүн Тонюкуктан үлгү, тарыхый окуялардан сабак алуу керек. “Кѳсѳм Тонюкук жылына” арналган иш-чаралар, Түрк дүйнѳсүнүн биримдиги үчүн салым кошкон саамалыктардан болсун.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков!



Тектеш кабарлар