Сарай даамдары 12-2020
Бул жумада "Фатик" деп аталган тамакты даярдайбыз.
Осмондук сарай ашканасынан даамдардын рецебин берген программабыздын бул жумадагы бөлүмүндө сиздерди дүйнөнүн 8 - керемети катары кабыл алынган Памуккале орун алган Денизли облусуна алып барабыз. Бул жумада «Фатик» деп аталган тамакты Иераполис деп аталган, жыл сайын миңдеген турист келип көргөн, көркөмдүү Памуккаленин панорамасынын коштоосунда даярдайбыз.
Бул тамак үчүн керектүү азыктар :
500 гр сымалак
500 гр майсыз фарш (уйдун эти)
400 гр айран
100 гр кургатылган нан
50 гр карагай жаңгагы
2 тиш сарымсак
100 гр сары май
3 аш кашык зайтун майы
1 даана чоң пияз
Ачуу калемпир
Кара мурч
Туз, корица
Бул тамактын жасалышын ашчы, маданият изилдөөчүсү Юнус Эмре Аккор жасап көрсөткөндөн мурда сиздерди Денизли облусундагы Памуккалеге алып барабыз.