Коронавирус жана Жакынкы Чыгыштын келечеги

СЕТАнын тышкы саясаттар изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

1386194
Коронавирус жана Жакынкы Чыгыштын келечеги

Коронавирус бүткүл дүйнөдө ылдам жайылууну улантууда. Глобалдык эпидемияга айланган оорунун дээрлик 500 000 кишиге жугуп, бир топ өлкөнүн саясий, экономикалык жана коомдук түзүлүшүн да коркунучка салды. Өзгөчө күчсүз болгон Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү чоң коркунуч менен бетме  - бет келип турат.

СЕТАнын тышкы саясаттар изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

Коронавирус дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө болгондой Жакынкы Чыгышка да жайылып, аймактын саясий, экономикалык жана коомдук түзүлүшүнө тереңден таасирин тийгизүүдө. Өзгөчө мамлекеттик түзүлүшү жетеринче күчтүү болбогон, экономикалык жактан, саламаттык сактоо системасы күчсүз болгон мамлекеттер вирустун алдында алсыз болуп жатат. Ушунун негизинде эң көп алдыңкы планга чыккан эки өлкө Сирия менен Йемен. Бул өлкөлөр болуп жаткан жарандык согуштардан улам ансыз да алсыз болуп турганда вирус менен күрөшө ала турган абалда эмес. Бейтаптарды аныктап, карантин менен алдына алуу тилекке каршы мүмкүн эмес. Ошол эле учурда бул өлкөлөрдүн бөлүнгөн түзүлүшү эпидемия менен бир борбордон күрөшүү мүмкүнчүлүгүн да бербей жатат. Азыркы учурда Сирия өкмөтү, оппозициячылдар жана ПКК аймагы болуп үч башка башкаруунун астында. Йеменде да ушундай эле абал.

Иран болсо корона эпидемиясына байланыштуу жетерсиз мамлекет түзүлүшүнө ээ өлкө. Эпидемиянын жайылышына тоскоол болуу кыйын болкп баратат. Иран эмдигиче аймактагы өкүлчүтүктөр согушуна санкция салып, булактарын ысырап кылууну улантууда. Өзгөчө келген талаптар менен нефть баалары да акыркы жылдардын эң төмөнкү деңгээлине жетти. Бул абал ансызда азыркы учурда АКШнын санкцияларына дуушар болгон Иран үчүн башка бир каршы чыгуу. Албетте төмөндөгөн нефть баалары Жакынкы Чыгышта бир гана Иранды эле эмес, Ирак жана башка булуң өлкөлөрүн да олуттуу түрдө кыйнай баштады.

Ирак бюджетинин 90 пайызы нефть кирешесине караштуу болгон, этникалык жана сектанттык айырмачылыктар болгон мамлекет катары чоң коркунуч менен бетме  - бет. Вирус узун убакыт жайылууну уланткан бир сценарийде жеринин бүтүндүгү да коркунуч астына кириши мүмкүн.

Бай булуң өлкөлөрү фонддорун түгөтө турганчалык өздөрүн коргоого аракет кылса да өндүрүш экономикасы болбогондуктан жана тамак  - аш коопсуздугу жактан олуттуу кыйынчылыкка кириши ыктымал.

Акырында нефть  экспортуна көз карандылык жана күчсүз мамлекет түзүлүштөрү  аркылуу Жакынкы Чыгыш чоң бир хаоско кире тургандай көрүнүүдө. Мамлекеттик бюджеттеринин маанилүү бир бөлүгү нефть экспортунан алынган кирешеге караштуу болгон Ирак менен Иран жана булуң өлкөлөрү чоң бир экономикалык кризис менен бетме  - бет келип турат.

Коронавирус себеп болгон глобалдык рецессия процесси нефть бааларын 20 долларга чейин түшүрүп тийиштүү өлкө бюджеттерин  башкарыла албай турган абалга алып келүүдө. Санкциялар менен күрөшкөн Иран үчүн бул абал дагы да оор таасир жаратууда. Вирус жайылган сайын  коомдук окуялардын да бутага алынышы сөз боло алат. Эгерде вирус азыркы ылдамдыгы менен жайылууну уланта турган болсо Жакынкы Чыгышта  Түркия сыяктуу күчтүү мамлекет түзүлүшүнө ээ, өндүрүш экономикасы жана тамак  - аш коопсуздугу болгон бир канча өлкө гана жашап кала алат.



Тектеш кабарлар