Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-81

Көөнө түрк элдеринин адабиятынан – Махмут Кашкари “Түрк тилдеринин сөздүгү”

1373676
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-81

Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү чыгарылышында - түрк элдеринин орток адабиятынын маанилүү ысымдарынын бири Махмут Кашкари жана анын “Түрк тилдеринин сөздүгү” тууралуу кеп кылабыз.

Кадырлуу окурмандар, түрк дүйнөсүндө жана Түркология илим чөйрөсүндө табылгыс байлыктардын бири “Диван-ы лүгатит Түрк” башкача айтканда, “Түрк тилдеринин сөздүгү”. Бул сөздүк биздин замандын 11-кылымында Махмут Кашкари тарабынан түзүлгөн. Улуу ойчул жана изилдөөчүнүн толук аты-жөнү Махмут ибн Хусейин ибн Мухамед болуп, ал азыркы Кыргызстан аймагындагы Ысык-Көл өрөөнүндө, Барскоондо 1029-жылы жарык дүйнөгө келген. Өзүнүн китебинде жазылгандай, ал Кашкар жана Багдадда билим алган. Ал жаштайынан тилге, адабиятка, тарыхка кызыккан жана башка илимдерди кеңири билген экен. Мына ушул кызыгуусу дүйнөлүк маанидеги баалуу сөздүктү түзүп чыгуусуна өбөлгө болгон. Махмут Кашгари бул сөздүгүн араптар үчүн жазганы белгилүү. Эмгеги арап тилинде жазылып араптарга түрк тилин үйрөтүү максатында түзүлгөн. Буга карап Кашкаринин арап жана фарс тилин абдан мыкты билгенин айтууга болот.

Сөздүк - түрк элдерин, алардын тили, тарыхы, үрп-адаты, салттык, этникалык байланышы, фольклордук жана тилдик жакындыгы сыяктуу көптөгөн маселелерди чечмелөөдө энциклопедиялык мааниге ээ. Бул салмактуу чыгармасынын баш сөзүндө Махмут Кашкари мунун зарылчылыгы тууралуу: “Өзүм анык таза тилде сүйлөгөн жана теги боюнча да түрктөрдүн ою-тоосун, түз-талаасын, бүт жерин калтырбай, айылдарын куру койбой кыдырып чыктым. Мен түрктөрдүн, түркмөндөрдүн, огуздардын, чигилдердин, ягмалардын, кыргыздардын уйкаштыкка келтирген жандуу сөздөрүн акылыма түйдүм. Ушул түрдө узак изилденген жана изилденүүдөн кийин гана бул китепти эң жатык тилде, барып турган көркөм үлгүдө жаздым” – деп жазып калтырган. Азыркы тапта ар бир түрк элдеринин көрөңгөсү болгон бул сөздүк бир топ тилдерге которулуп, бул тууралуу өтө көп эмгектер жаралган.

 “Түрк тилдеринин сөздүгү” 1072-1077-жылдар аралыгында жазылганы белгилүү. Эмгектин кириш бөлүмүндө Махмуд Кашкари бул энциклопедиялык сөздүктү 11-кылымдын 70-жылдарындагы Аббасилери халифи ал-Муктадига белекке берүү ниетинде болгонун жазып калтырган. Сөздүк арап арибинин тартибинде түзүлгөн. Ар бир сөздүн жанында мааниси жазылгандан кийин ал сөз кайсы түрк элинде, кандайча колдонулаары жана буга кошумча көптөгөн макал-лакапты, поэтикалык тизмектерди, дидактикалык мотивдерди жолуктурууга болот. Бул поэтикалык тизмектеринин белгилүүсү “Алп Эр Тоңага арналган кошокто” мындай дейт:

                      Алп Эр Тоңа өлдүбү,

                      Ээсиз дүйнө калдыбы.

                      Эл кайгырат мүңкүрөп,

                      Замана өчүн алдыбы.[1]

                      Ал эми макал-лакаптарына абай салсак “Баатыр майданда, аалым аңгемеде сыналар”, “Кут белгиси-билим”, “Адептүүлүктүн башаты-тил”, “Жигит жазыксыз болбойт”, “Куш канаты, эр аты менен”, “Бычак канчалык курч болсо да, өз сабын кеспейт”, “Адам аласы ичинде, жылкы аласы сыртында” сыяктуу макалдар азыр да түрк элдери ичинде жашап келгенин байкоого болот. Сөздүктө өзүнө көңүл бурдурган дагы бир маанилүү маалымат, анда камтылган дүйнөлүк географиялык карта болгон. Бул картада дүйнө чордону катары Ысык-Көл көрсөтүлгөн.

                      Бул түгөнгүс кенчтин түп нускасынан көчүрүлгөн кол жазма азыр Түркияда Стамбул шаарындагы “Миллет” китепканасында сакталып келет. 

Урматтуу окурмандар, “Түрк тилдеринин сөздүгү” тууралуу өтө көп изилдөөлөр болгон. Ошентсе да сөздүктүн баштапкы изилдөөчүлөрү катары, окумуштуулар Брокелманн, Кононов, Решит Рахмети Арат, Бесим Аталай, Боровкова, Малов сыяктуу түркологдорду атай кетүүбүз абзел. Мындан сырткары бир топ дипломдук иш жазылган жана өтө көп макалалар жарыяланган. Жана дагы да болсо изиденип келмекчи.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  

 

[1] Кыргыз поэзиясынын антологиясы\Байыркы орток түрк поэзиясынан 36-бет



Тектеш кабарлар