Түркия  - Орусия карым  - катнаштары кыйын учурдан өтүп жатат

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу, доцент Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

1363887
Түркия  - Орусия карым  - катнаштары кыйын учурдан өтүп жатат

Түркия  - Орусия карым  - катнаштары тарыхый жактан каралганда көпчүлүк учурда олку  - солку болуп келген.  Суук согуш жылдарында эки мамлекеттин ортосунда карым  - катнаштардын жакшы деңгээлде болгондугу айтыла албайт.

Түркия 1964 -  жылы Түркия  - Америка карым  - катнаштарында болгон курал эмбаргосу кризисинен кийин советтер союзу менен жакындашуу саясатын жүргүзгөн болсо да ийгиликтүү эмес эле. Суук  согуш бүткөндөн кийин советтер союзунун таркашы Москва менен Анкаранын ортосундагы карым  - катнаштарды оңдоо үчүн бир мүмкүнчүлүк берген болсо да Балкандар, Кара деңиз жана Кавказиядагы абалдар менен кризистер буга тоскоол болгон. Бул мезгилде эки өлкө тең Суук согуштан кийин жаңы дүйнө тартибинде өздөрүнө жаңы бир жол издеген болду; ошондуктан карым  - катнаштар кааланган деңгээлге жете алган жок.

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу, доцент Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

2000 – жылдарда Түркия менен Орусия рационалдуу карым  - катнаш куруу аракетинде болду. Москва Анкараны өзүнө атаандаш катары көрсө да энергиядан соодага чейин бир топ тармакта иштөөгө боло турган өнөктөш катары караган. Анкара болсо Орусиянын чоң бир коңшу болушу, жаратылыш газ тууралуу Москвага муктаж болушу жана аймактагы геополитикалык маселелерди чечүүнү жактаган бир саясат жүргүзүү максатында Орусия менен жакын карым  - катнаш курууну тандады. Натыйжада Түркия  менен Орусиянын ортосунда бир топ тармакта өнөктөштүктөр жана кызатташуулар түзүлүп, жакындашуу мезгили ортого чыкты.

Бирок Сирия кризисинин чыгышы менен эки өлкө эки баскычта бири бири менен атаандаш болуп, кийнки баскычтарда бирдикте иштей ала турган бир жерге келди.

Биринчи жолу 2015 -  жылы түрк аба аянтында  эреже бузган бир Орусия аскердик учагынын Түркия тарабынан атып түшүрүлүшү эки өлкөнүн ортосунда терең  кризистин ортого чыгышына себеп болду, 2016 – жылы бири бирине карата жүргүзүлгөн дипломатиянын негизинде кайрадан макулдашуу ортого чыкты. Ал күндөн бери   Түркия менен Орусиянын ортосунда стратегиялык жакындашуу бар. Бирок акыркы айларда Орусиянын Сирияда оппозициячылдардын акыркы чептеринин бирөөсү болгон Идлибде Сирия режимине берген колдоо жана өзү аткарган абадан кол салуулары кайрадан Түркия  - Орусия карым  - катнаштарынын териштирилүүсүнө себеп болду.

Түркия  - Орусия карым  - катнаштары албетте Сирия менен эле чектүү эмес. Москва Идлиб тууралуу Түркиянын Сочи келишиминен чыккан жоопкерчиликтерин орундатпагандыгын айтууда жана Идлибдеги радикал элементтерди өзү жок кылууну каалап жатат. Түркия болсо жоопкерчиликтерин орундатуу үчүн Асад режиминин кол салууларынын токтошу керектигин жактоодо. Ошондуктан кол салуу токтомоюнча Түркиянын да Идлибде ийгиликтүү болушу мүмкүн эместей көрүнүүдө. Бул абал Москва менен Анкаранын ортосунда жаңы бир кризистин чыгышына себеп болуп, эки өлкөнүн ортосундагы жакындашуу кайрадан туруктуу абалга кирши мүмкүн.

Түрк өкмөтү карым  - катнаштарынын кайрадан кризиске кирбеши үчүн эки өлкө ээ болгон орток кызыкчылыктарды баса белгилөөдө. Булардын башында акыркы мезгилде эки өлкөнү бири бирине жакындаткан С  - 400 маселеси турат. Анкара АКШнын нааразычылыктарына карабастан С  - 400 коргонуу системаларын алып Орусия менен карым  - катнаштарына канчалык маани бергендигин көрсөткөндүгүн ойлоп жатат. Анын тышында Түркия менен Орусиянын ортосунда коргоо өнөр жайы тармагында  өнөктүштүк түзөрү да билдирилүүдө. Бир тараптан эки өлкө Түркиянын атомдук энергия муктаждыгын камсыз кылуу тууралуу биргелешкен долбоор жүргүзүүдө жана Орусия бул долбоор менен атомдук энергия тууралуу өз жөндөмдүүлүгүн далилдегиси келет. Бул эки өнөктөштүк ошол эле учурда Орусиянын начарлаган экономикасына аз да болсо салым кошо тургандай мүнөздө. Энергия тууралуу да эки өлкө бири бирине муктаждай көрүнүүдө. Түркия Орусия жаратылыш газынын эң маанилүү алуучуларынын бири жана негизги кардарлары. Бирок ошол эле учурда Анкара Орусия газынын Түркия аркылуу Европага алып барылышында стратегиялык мааниге ээ. Ошондуктан ортодо бири бирине карата көз карандысыздык сөз болууда. Түркия Орусиядан келген туристтер үчүн арзан эс алуу жери. Түркия үчүн жылдык турист санында Орусия биринчи орунда.

Сирия маселеси эки актер келише албаган маселе болсо да негизги маселелеринин бири. Түркия болбогон бир дипломатиялык негизде Орусия аскердик жеңишин жарыяласа да саясий жактан Сирия тууралуу улантууга боло турган бир ырааттуулукка жетиши мүмкүн эместей көрүнүүдө. Идлибде дагы көп жарандын каза болушуна себеп болуу жана жергиликтүү элди жеринен чыгарып Түркияга карай кетүүгө мажбурлоо Москва үчүн  туура бир стратегия эмес. Тескерисинче Орусияга дагы көп чыгым алып келиши мүмкүн. Акыркы жумаларда АКШ муну  мүмкүнчүлүк катары көрө баштады жана Түркия  - Орусия мамилесин Идлиб аркылуу буза турган кээ бир кыймылдарды кылды. АКШ Идлиб маселесинде Түркиянын жанында болорун жарыялады.

Эгерде Түркия менен Орусия Идлиб тууралуу макулдашуу түзө албаса Анкара  - Москва жолунда жаңы бир араздашуу ортого чыгышы мүмкүн жана акыркы жылдарда ортого чыккан жакындашуу тескерисине айланышы мүмкүн. Ошондуктан Идлиб Түркия  - Орусия карым  - катнаштарынын негизги сынактарынын бирөөсү жана оңойчулук менен чечиле тургандай эмес. Орусиянын Түркия менен болгон стратегиялык карым  - катнаштарын улантуусу үчүн Идлибде максималист талаптардан баш тартып жана режимдин кол салууларын эртерээк токтотушу керек.



Тектеш кабарлар