4-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары

Евразия күндеми-4

1345606
4-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары

Ардактуу окурмандар! Бүгүнкү программабызда быйыл Бурсада ѳткѳрүлѳ турган 4-Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндарынын Түркияга алып келе турган пайдалары тууралуу сөз кылабыз.

 3-Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндары 2018-жылдын 2-8-сентябрь күндөрүнүн аралыгында Кыргызстанда ѳткѳрүлгѳн эле. 2020-жылдын 17-январында Кыргызстандын Маданият, туризм жана маалымат министри Азамат Жаманкулов 4-Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндарынын Изникте ѳткѳрүлѳ тургандыгын билдирди. Ушундан улам Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндарынын Түркияга кандай пайда алып келээри тууралуу сѳз кылалы.

4-Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндарынын Түркияга бир канча конкреттүү пайдасы бар. Биринчиден түрктѳр боордош калктардын оюндарын жакындан таануу мүмкүнчүлүгүнѳ ээ болмокчу. Анадолу калкынын аталган оюндарды жакындан таанып-билүүсү, алардын башка Түрк республикаларынын калктары менен жакындашуусуна салым кошот.

Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндары түрк калктарына ѳздѳрүн дүйнѳгѳ таанытуу мүмкүнчүлүгүн берет. Эки жыл мурун ѳткѳрүлгѳн оюндарга 3000ден ашуун спортчу катышып, спорттун 37 түрү боюнча мелдештер өткөн. Быйыл боло турган оюндарга эң аз дегенде 5000 спортчунун катышуусу пландалышы мүмкүн. Арап жана Африкадагы кѳчмѳндѳрдүн спорт оюндары Түркиядагы оюндарга кошулса, ѳлкѳгѳ пайда алып келмек. Түркия иш-чараны ѳткѳргѳн ѳлкѳ катары буга чейин оюндарга кошулбаган мамлекеттерди 4-Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндарына чакыруу аркылуу эл аралык аренадагы абройуна аброй кошуп, бул мамлекеттер менен мамилелерин ѳнүктүрсѳ болот.

Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндары кышкы жана жайкы олимпиадалар менен тең тайлаша ала турган дараметке ээ десек жаңылышпайбыз. Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндары олимпиаданын факелине альтернатива катары мѳңгү суусу куюлган кѳѳкѳрдү символу кылуу менен климаттын ѳзгѳрүүсү деген проблема менен күрѳшкѳн дүйнѳгѳ жаңы оригиналдуу пикир берди десек болот. Балким Түркиянын лидерлигинде Көчмөндөр оюндарына келген мамлекеттер, дүйнѳнүн ар тарабында бүтпѳгѳн кѳйгѳй, согуштарды муздак мѳңгү суусун чачуу аркылуу ѳчүрүп, тынчтыкты, боордоштукту жана мурасты улантууга аракет кылышат.

Түркия 4-Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндарына катыша турган ѳлкѳлѳрдүн лидерлерин оюндардын ачылыш аземине чакыруу аркылуу бейрасмий БУУ жыйыны ѳткѳрсѳ болот. Бул аркылуу БУУнун жасаган иштерине ичи жылыбаган мамлекеттердин маселелерин жаңы бир платформада күн тартибине алып чыгуу мүмкүнчүлүгү жаралмак.

Кыргызстандагы 3-Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндарын көрүү үчүн 60-70 миң турист келген эле. Түркиянын жайгашкан географиялык орду  ыңгайлуу болгондуктан Бурсадагы оюндарга 100 миң туристти тартуу толук мүмкүн. Кѳчмѳндѳр оюндары туризмге жаңы дем бермекчи.

Урматтуу окурмандар, аталган иш-чара Түрк кеңешинин эл аралык аренадагы позициясынын чыңдалышына салым кошот. Түрк кеңеши аркылуу түрк республикалары ѳзүнүн үнүн башкаларга дагы оңой жеткире алат. Стамбулдагы Түрк кеңешинин кеңсеси 4-Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндарына азыртадан даярданып, ыктыярчылар же болбосо убактылуу кызматкерлерди ишке алуу аркылуу ар тараптуу иш-чараларын жүргүзүшү керек.

Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндарында маданий иш-чаралар да ѳткѳрүлүп келе жатат. 4-Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндарында Түркия бул маданий иш-чараларды расмий түзүмдүн алдында жүргүзүп, салтка айланышына салым кошо алат.

Түрк тарых коому же болбосо башка ушундай институт Түрк академиясы менен биргелешип 4-Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндары алкагында чоң илимий шерине уюштурса мыкты болот. Кѳчмѳн цивилизациясындагы түрктѳрдүн орду жана кѳчмѳн философиясынын адамзат цивилизациясына кошкон салымы жана келечекке пайдасы боюнча дүйнѳнүн алдыңкы илимпоздорун, философторун чогултуу Түркияга зор пайда алып келмек.

Акыркы кѳчмѳндѳр оюндары 60 мамлекетте түз эфир аркылуу берилди. 56 ѳлкѳдѳн 604 журналист оюндарды чагылдырышты. Түркиядагы оюндар 100дѳн ашуун мамлекетте түз эфир аркылуу кѳрсѳтүлүп, 100дѳн ашуун мамлекеттен журналисттер иш-чараны чагылдырат деген ойдобуз. Ошондо Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндары дүйнѳлүк деңгээлдеги иш-чарага айланат жана муну бул деңгээлге чыгарган Түркия болуп калат. Түркиянын орток түрк мурасын дүйнѳгѳ таанытуусу анын түрк республикалары жана түрк этникалык коомчулуктары менен мамилесин чыңдайт. Анадолу болсо дүйнөдөгү бардык түрк калктары үчүн маанилүү борборго айланат.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков

 



Тектеш кабарлар