Дүйнөлүк адам укуктары күнү

БУУнун Башкы ассамблеясы 1948-жылы 10- декабрда бүгүнкү күндү дүйнөлүк адам укуктары күнү деп кабыл алды.

1320882
Дүйнөлүк адам укуктары күнү

Бүгүн Дүйнөлүк адам укуктары күнү белгиленип жатат. Бардык адамзаттын эркин жана тең укуктуу экендиги пикиринин негизги миссиясын түзгөн БУУнун Башкы ассамблеясы 1948-жылы 10- декабрда бүгүнкү күндү дүйнөлүк адам укуктары күнү деп кабыл алды.

Түркия 1949 -  жылы апрель айында БУУнун түзүлгөнү боюнча жарлыкты бекитти. 1949 – жылдан бери Түркияда да дүйнөдө болгондой эле Адам укуктары күнү жыл сайын 10 – декабрда белгиленүүдө. Адам укуктары күнүнүн бүткүл дүйнөдө белгилениши албетте ошол эле учурда адам укуктары аң – сезиминин өнүгүшү менен болду. Экинчи Дүйнөлүк согушта  диктаторлордун дүйнө жүзүндө алааматты баштоосу миллиондогон кишинин согуш, геноцид жана кыргынды башынан өткөрүшүнө себепчи болуп, адам болуудан жаралган укуктарынын эл аралык жамаат тарабынан таанылышына жана кепилдик астына алынышына түрткү болду.

Азыркы тапта чоң согуштар болбосо да Ирак, Сирия сыяктуу жерлерде болуп жаткан кагылышуулардын себебинен ачык түрдө адам укуктарынын бузулушу БУУ сыяктуу мекемелер тарабынан соңуна чыгарылууга аракет кылынууда. Тилегибиз дүйнөнүн кай жеринде болсо болсун кагылышуу, баш – аламандык жана террордон келип чыккан адам укуктарын бузуунун түп орду менен жоюлушу.

 

 



Тектеш кабарлар