Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-69

Казан татар адабиятынын учурдагы белгилүү жазуучусу Зульфат Хакимдин чыгармачылыгы.

1309671
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-69

Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү уктуруусун Казан татар адабиятынын учурдагы белгилүү жазуучусу Зульфат Хакимдин өмүр баяны тууралуу жана анын чыгармачылыгынан кеп салабыз.

Кадырлуу угармандар, Татарстандын белгилүү жазуучуларынын бири Зульфат Хаким эл арасында прозаик, драматург, акын жана эстрада ырчысы катары таанымал. Ал 1960-жылы Татарстандын Шингалчи айылында төрөлгөн. Орто мектепти бүтүргөн соң бир топ убакыт заводдо иштеген. 1978-1980-жылдары армияда кызмат өтөгөн. Ал жактан кайтып келген соң кайра заводго кирип инженер болуп иштеген. 1982-1988-жылдары “Татарэнергострой” курулуш компаниясын башкарган. Андан соң “Пионерлер үйү” адабий студиясынын жетекчиси болгон. Ушул жылдары Казан улуттук технологиялык институтун бүткөрүп инженердик кесипке ээ болгон.

  Зульфат Хакимдин адабий чыгармачылыкка болгон кызыгуусу 1980-жылдары башталган. Ушул жылдары “Идел”, “Сүйүмбике”, “Чаян”, “Казан утлары” аттуу журналдарга жазуучунун чыгармалары жана сатиралары жарык көргөн. Болжол менен элүүдөн ашуун ырлары “Бир тоодо он булак” аты менен 1992-жылы жарыяланган. Анын алгачкы комедия жанрында жазылган “Күн чыкканда” аттуу театралдык пьесасы жарыяланып Татар мамлекеттик театрларына коюла баштаган жана элдин купулуна толгон. Ошол жылдары жазуучу өз ырларына рок стилинде музыка жазып сахнага да чыга баштаган. Азыркы учурдагы Татарстанда белгилүү болгон “Ырларым кыялдарым”, “Жарым ай”, “Түнгө саякат”, “Болгар кызы”, “Азиз калкым”, “Эмне болду сага бүгүн?” сыяктуу эстрадалык ырлардын автору Зульфат Хаким. Мындан сырткары жазуучунун сатира жанрында “Акыр заман”, “Коларадо коңузу”, “Биринчи махабат” жана башка белгилүү чыгармалары окурмандарынын арасында кеңири белгилүү. Зульфат Хаким учурдагы татар адабиятын толуктап турган ийгиликтүү чыгармалар жаратты деп айтууга болот. Анын “Тилсиз күкүк” аттуу драмасы 2004-жылы өткөрүлгөн “Жаңы татар пьесасы” конкурсунан биринчи орунду алган. Ошол эле конкурста анын “Пешене” аттуу пьесасы эң жакшы жазылган чыгармалар арасына кирген. Жазуучунун көп окулуучу китептеринин арасында “Күнөө” аттуу романы негизги орунду ээлейт. Анын чыгармалары жазуучунун кылдат сүрөттөөсү жана куйкум сөздөрү менен окурмандарынын көңүлүн өзүнө бөлүп келет. Анда эмесе жазуучунун “Күнөө” аттуу романынан кыскача баяндайлы. 

     Урматтуу окурмандар, бүгүнкү чыгарылышыбызда татар адабиятынын учурдагы белгилүү жазуучусу Зульфат Хакимдин чыгармачылыгы менен тааныштыңыздар. Татар элинин учурдагы адабиятына кызыктар болсоңуз, анда Зульфат Хакимдин “Күнөө” романын окуп чыгууңуздарды сунуштайбыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  

 



Тектеш кабарлар