Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1295767
Тарыхта бүгүн

*** 1492 -  жылы 27-  октябрда Кристофор Колумб биринчи жолу Кубага барды жана  ал жердин  Испания территориясы экендигин айтты.

***  1806 -  жылы  27 -  окябрда Наполеон Бонапарт командирлигиндеги француз армиясы Берлинди колго алды.

*** 1922 – жылы 27 -  октябрда Италияда Бенито Муссолини жол башчылыгындагы фашисттик куралдуу күчтөр (кара көйнөкчөндөр)  Наполиден Римге карай жүрүшкө чыкты. Эки күндөн кийин Римге барган   «Кара көйнөкчөндөр»  коалиция өкмөтүн кулатты жана башкарууну колго алды.

*** 1958 -  жылы 27 -  октябрда Пакистандын биринчи президенти Искендер Мирза 20 күн мурда башкы штабдын төрагасы кылып дайындаган армиянын генералы Эйүп Хан тарабынан  кансыз сокку менен кызматынан алыстатылды.

 

*** 1978 -  жылы 27 -  октябрда Нобель тынчтык сыйлыгы Египеттин мамлекет башчысы Энвер Седат жана Израилдин премьер  - министри Менахем Бегинге берилди.

*** 1982 -  жылы 27 -  октябрда болсо Кытай Эл Республикасы өлкө калкынын 1 миллиардды ашкандыгын расмий түрдө жарыялады.

*** 1991 -  жылы 27 -  октябрда Түркмөнстан советтер союзунан көз карандысыздыгын жарыялады жана өткөн шайлоодо Сапармурат Түркмөнбашы биринчи президент болуп шайланды.

*** 1992 -  жылы 27 -  октябрь күнү түрк армиясынын ПКК террордук уюмуна каршы Хантур тоосунда баштаган операциясында 100 террорист жок кылынды.

*** 1999 – жылы 27 -  октябрда Армениянын премьер  - министри Вазген Саркисян жана 8 жогорку мартабалуу жетекчи парламентке жасалган куралдуу кол салууда каза болду.

*** 2005 -  жылы 27 -  октябрда Парижде Түндүк Африка тектүү эки мусулман баланын өлүмү менен бирдикте зомбулуктар башталды. Жалпы өлкөгө жайылган окуяларда 300 имарат жана 10 миң автомобиль өрттөлдү. 3 жумага созулган кагылышууларда 130 киши жараланды.

*** 2017 -  жылы 27 -  октябрда Гонконгдо чыгарылган жана картаңдарга жардам берүү максатында долбоорлонгон Софиа аттуу роботко жарандык берилди. Софиа жарандык укуктарына жетишкен биринчи робот болду.



Тектеш кабарлар