Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
*** 1147 - жылы 25 - октябрда Султан 1 - Месуд командирлигинде Селжуктук армиясы немис королу 3 - Конрад командасындагы Крестүүлөр армиясын Эскишехир жакындарында Дорилеон согушунда жеңилүүгө учуратты.
*** 1917 - жылы 25 - октябрда Владимир Лениндин жол башчылыгындагы Большевиктик күчтөрү Орусияда башкарууну колго алды.
*** 1924 - жылы 25 - октябрда Түрк улутчулдугунун белгилүү ысымдарынан жазуучу, акын жана саясатчы Зия Гөкалп Стамбулда дүйнөдөн кайтты.
*** 1936 - жылы 25 - октябрда болсо Адольф Гитлер менен Бенито Муссолини Германия - Италия союзу «Ось Рим – Берлинди» курушкандарын жарыялады.
*** 1947 - жылы 25 - октябрда советтер союзу Түркияга берген дипломатиялык ноталар менен Стамбул - Чанаккале кысыктарында аскердик база менен Карс жана Ардахандын өздөрүнө берилишин талап кылды. Бул талапты Түркия четке какты. АКШ менен Британиянын да Түркияга колдоо бериши менен СССР башкаруусу 1953 - жылы Сталиндин каза болушунан кийин бул талаптардан расмий түрдө баш тарткандыгын билдирди.
*** 1971 - жылы 25 - октябрда Кытай Эл Республикасы Тайвандын БУУдан чыгарылышынан кийин БУУга мүчө болду.
*** 2004 - жылы 25 - октябрда Кубанын мамлекет башчысы Фидель Кастро өлкөсүндө АКШ доллары менен соода кылууга тыюу салынгандыгын билдирди.
*** 2009 - жылы 25 - октябрда Ирактын борбор шаары Багдатта адилеттик министрлиги жана облустук имаратка бомба жайгаштырылган унаалар менен кол салуу жасалды. Кол салууда 90 киши каза болуп, 600 киши жараланды.