Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон негизги окуялар.

1292712
Тарыхта бүгүн

*** 1867 -  жылы 18 -  окябрда АКШ Алаясканы Орусиядан 7, 2 миллион долларга сатып алды. 22 жылдан кийин ошол эле күнү Порто Рикону да сатып алды.

*** 1912 -  жылы 18 -  октябрда Италия менен Осмон Империясынын арасындагы Триполи согушун акырына чыгарган Эдирне Уши келишимине кол коюлду. Келишим менен Осмон мамлекетинин Африка континетиндеги акыркы жери болгон Триполи жана Бенгази Италияга берилди. Он эки арал да убактылуу Италияга берилди.

*** 1922 – жылы 18 -  окябрь күнү англис басма сөз мекемеси БиБиСи курулду.

*** 1931 -  жылы 18 -  октябрда болсо АКШлык илимпоз жана ойлоп тапкыч  Томас Эдиссон АКШда Нью Жерсиде каза болду.

*** 1935 -  жылы 18 – октябрь күнү Италиянын Жер Ортолук деңиздеги жайылуучулугуна каршы Британия, Греция жана Түркия менен Югославиянын ортосунда бири бирине карата кепилдикке таянган Жер Ортолук деңиз пактына кол коюлду.

*** 1967 -  жылы 18 -  октябрда советтер союзу учурган «Венера  - 4» унаасы венерага барды. Венера  -   жер тышында бир планетанын атмосфераны иликтеген жана берүүлөрдү жарыялаган биринчи каражат болду.

*** 1977 – жылы 18 -  октябрда палестиндик партизандардын Сомалинин Могадишо аэропортуна качырган Луфтанса жүргүнчү учагын басып алган немис террорго каршы бригадасы 3 аба каракчысын өлтүрүп 86 барымтаны куткарды. Палестиндик  козголоңчулар Германиядагы Кызыл Армия  фракция лидерлерин абактан куткаруу үчүн бул кыймылды аткарды. Ошол эле түнү Германиядагы Кызыл Армия фракциясынын лидери Андреас Баадер, Гудрун Эннслин, Ян-Карл Распе жана Ирмгард  Мёллер камалган абакта жандарын кыйышты. Мёллер куткарылды.

*** 1991  - жылы 18 -  октябрда Азербайжан советтер союзунан көз карандысыздыгын жарыялады.

*** 2007 -  жылы 18 -  октябрда болсо Пакистандын мурунку премьер  -  министри Беназир Бутто 8 жылдык сүргүндөн кийин өлкөсүнө кайтып бомбалуу кол салууга учурады. Бутто жараланбастан кутулган кол салууда 126 киши каза болуп, 248 киши жараланды.

*** 2008 -  жылы 18 -  октябрда Шырнакта террордук уюм ПККга каршы жүргүзүлгөн жүрүшкө 20 миңге жакын киши катышты.

 



Тектеш кабарлар