Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1290605
Тарыхта бүгүн

*** 1520 -  жылы 21 -  октябрда Магеллан Түштүк Американын түштүгүндө өз ысымы менен аталган жана Атлантика океанын Тынч океанга байланыштырган  кысыкты ачты.

*** 1805 -  жылы 21 -  октябрда Горацио Нельсон командирлигиндеги Британия флоту Трафалгардда Наполеондун Бириккен Француз  -  Испания  деңиз флотун жеңди. Адмирал Нельсон да согушта каза тапты.

*** 1860 -  жылы 21 -  октябрь күнү Осмон императорлугунун биринчи атайын саясий  гезити «Тержүман  -  ы Ахвал» жарыялана баштады.

*** 1935 -  жылы 21 -  октябрда Гитлер башкаруусундагы Фашисттик Германия Улуттар Жамаатынан расмий түрдө чыкты.

*** 1945 -  жылы 21 -  октябрь күнү Францияда аялдар биринчи жолу добуш берүү укугуна ээ болушту.

*** 1985 -  жылы 21-  октябрда немис журналист жана жазуучу Гюнтер Валлаффтын түрк жумушчу күбөлүгү менен жашагандарын жазган «Эң астыдагылар» деген китеби сатууга чыкты. Китеп немистердин түрктөргө карата расистик көз карашына катуу сындарды камтыган.

*** 1987 -  жылы 21 -  октябрда Түркияда монтажы жасалган биринчи Ф  - 16 расмий азем менен биринчи учушун аткарды.

*** 1999 – жылы 21 -  октябрда болсо Чеченстандын борбор шаары Грозныйда эл көп болгон бир соода борборуна жасалган ракеталык кол салууда 110 киши каза болуп, 400 киши жараланды.



Тектеш кабарлар