Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
*** 1884 - жылы 13- октябрда Британиянын Грнивич байкоо үйүнөн өткөн меридиан нөл даража жана эл аралык убакыт муундары үчүн башталыш жери катары кабыл алынды.
*** 1911 - жылы 13 – октябрда Триполи согушунда италияндар Ливиянын Дерне шаарын басып алды.
*** 1921 - жылы 13 - октябрь күнү Түркия Улуттук Парламентинин өкмөтү Азербайжан, Армения жана Грузия менен Карс келишимине кол койду жана Чыгыш Фронтунда Боштондук огушу аяктады.
*** 1923 - жылы 13 - октябрда болсо Түркиянын борбор шаарынын Анкара болгондугу Түркия Улуттук Парламенти тарабынан дүйнөгө жарыяланды.
*** 1972 - жылы 13 - октябрь күнү советтик аба жолуна таандык жүргүнчү учак Москвада кырсыкка учурап, 176 киши каза болду.
*** 1976 - жылы 13 - октябрда Боливия аба жолдоруна таандык бир жүк ташуучу учак Санта Грузада кырсыкка учурап, 100 киши каза болду. Алардын көпчүлүгү балдар болгон жана 97 киши жерде каза тапты.
*** 1986 - жылы 13 - октябрда АКШнын президенти Рональд Рейган менен Советтер союзунун лидери Михаил Горбачев стратегиялык атомдук куралдарды текшерүү тууралуу келише албады. Рейган «Жылдыз согуштары» долбоорунан баш тартышпай тургандарын билдирди.
*** 1990 - жылы 13 - октябрда 1975 - жылдан бери келген Ливан жарандык согушу аяктады. 15 жылдык согуштун баллансы 230 миң киши каза болуп, 350 миң жаралуу жана 1 миллиондон ашуун ливандык качкын болду.
*** 2006 - жылы 13 - октябрь күнү Нобель тынчтык сыйлыгы бангладештик Мухаммед Юнус жана Гремин Банктын ортосунда бөлүштүрүлдү.
*** 2010 - жылы 13 - октябрда Чилидеги шахта кырсыгында жер астында калган 33 шахтер 69 күндөн кийин соо куткарылды.