Тарыхта бүгүн
Бүүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
*** 1492 - жылы 12 - октябрда Христофор Колумб Кариб аралдарына барды жана Америка материгине кадам басты. Бирок Колумб Чыгыш Инд аралдарына баргандыгын ойлогон.
*** 1917 – жылы 12 - октябрь күнү Биринчи Дүйнөлүк согушунда Бельгиянын Ипром шаарына жакын жерде сары кычы газы биринчи жолу колдонулду жана бир күндө 20 миңге жакын аскер каза болду.
*** 1964 – жылы 12 - октябрь күнү «Жеймс Бонд» сериалынын британиялык жазуучусу Иан Флеминг 56 жашында каза тапты.
*** 1979 – жылы 12 - октябрда Түркиянын Нидерландия элчиси Өздемир Бенлердин уулу Ахмет Бенлер АСАЛА террордук уюму тарабынан шейит болду.
*** 1984 - жылы 12 - октябрь күнү террордук уюм ИРА Маргарет Тэтчер жаткан мейманканага бомба атты. Тэтчер кол салуудан кутулду бирок 5 киши каза болду.
*** 1991 – жылы 12 - октябрда Советтер союзунун лидери Горбачев КГБни жойду.
*** 1999 – жылы 12 - октбрда болсо башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Первез Мүшерреф Пакистанда куралсыз бир сокку менен башкарууну колго алды.
*** 2002 - жылы 12 - октябрда Индонезиянын туристтик аралы Балиде бир түнкү клубга жасалган бомбалуу кол салууда 202 киши каза болуп алардын ичинен көпчүлүгү чет элдиктер болгон жана 300дөн ашуун киши жараланган.
*** 2017 - жылы 12 - октябрда түрк аскери коопсуздук аймактарын текшерүү үчүн Сириянын Идлиб шаарына кирди. Операцияга 30 ок өткөрбөс унаа менен 100гө жакын аскер катышты.