Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
*** Бүгүн 7 - сентябрда император Титтин командирлигиндеги Рим армиясы Кудсту басып алды жана талап – тоноду.
*** 1533 – жылы 7- сентябрда тактыга отургандан кийин испаниялыктарды жеңип Британияны дүйнөнүн негизги өлкөсү абалына алып келген 1 - Елизабет Гринвичте төрөлдү.
*** 1776 - жылы 7 - сентябрда дүйнөдө биринчи жолу суу түбүндөгү кол салуу жасалды. Көз карандысыздык согушунда америкалыктар чыгарган жана «Таш бака» деп атаган суу түбүндөгү унаа Нью – Йорк портуна якорь таштаган англис деңиз флотунун кемеси HMS Eaglдын астына убакытысы белгиленген бомба жайгаштырды бирок кол салуу ийгиликсиз болду.
*** 1812 - жылы 7- сентябрда Франциянын императору 1 - Наполеон орус армиясын Москванын батышындагы Бородинодо жеңди.
*** 1927 - жылы 7 - сентябрда АКШлык ойлоп табуучу Филон Тейлор Фарнсворт толугу менен электрондук система менен иштеген биринчи сыналгыны чыгарды.
*** 1940 - жылы 7 - сентябрда Экинчи дүйнөлүк согушунда немис аба күчтөрү Лондонду бутага алган жана 57 күн үзгүлтүксүз улантылган абадан кол салуусун баштады. Бул бомбалоолор “The Blitz” деп аталды.
*** 2011 – жылы 7 - сентябрда Локомотив Ярославль хоккей командасын ташыган учак Ярославль аэропортунан учкандан кийин Волга дарыясына түштү. Учактагы 45 кишиден 44тү каза болду.