Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1252153
Тарыхта бүгүн

 

***  1787 -  жылы 17 -  августта Осмондук  - Орусия согушу жарыяланды. Австрия  - Венгрия императорлугу да орустарга кошулгандыктан согуш 5 жылга созулду.

 

*** 1943 -  жылы 17 -  августта Экинчи Дүйнөлүк согушунда союздаш өлкөлөр Сицилияны колго алышты.

 

*** 1945 -  жылы 17 -  августта Индонезия Нидерландиядан көз карандысыздыгын жарыялады. Нидерландиянын колониясында болуп турганда Жапониянын басып алуусуна учураган Индонезия куралдуу күрөшүнүн акырында басып алуучулуктан жана көз карандылыктан кутулду.

 

*** 1949 -  жылы 17 -  августта Эрзурум, Бингөл жана Бингөлдүн Карлыова районунда болгон 6, 7 баллдык жер титирөөдө 450 киши каза болду.

*** 1969 -  жылы 17 -  августта АКШдагы Камилле тайфунунда 248 киши каза болду.

*** 1978 -  жылы 17 -  августта Иранда Шах режимине каршы жарандык согуш башталды.

 

*** 1987 -  жылы 17 -  августта фашисттик лидерлеринен Рудоль Гесс жаткан абакта жанын кыйды. Гесс 1941 – жылы өзү колдонгон учак менен Шотландияга конгондон кийин камоого алынып, соттолгон Ньюрнберг соту тарабынан өмүр боюу абак жазасына тартылган.

 

*** 1988 -  жылы 17 -  августта Пакистандын мамлекет башчысы Зия Үл Хак отурган учактын жарылышы менен каза болду.

*** 1996 -  жылы 17 -  августта Орусия менен Чеченстан ок атышпоо келишимине кол койду.

 

*** 1999 – жылы 17 -  августта Түркиянын Мармара аймагында тарыхтын эң чоң жер титирөөсү болду. 7, 4 баллдык жер титирөө 45 секундага созулду. Жер  титирөөдө 18 миң 373 киши каза болуп, 48 миң 901 киши жараланган. Жүз миңдеген киши үйсүз калган. Зыян тарткан турак жай жана иш жери саны 245 миңге жетти.



Тектеш кабарлар