Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
*** 1588 – жылы 8 - августта Король 2 - Фелипенин Британияны басып алуу үчүн жиберген чоң деңиз флоту Ла Манш деңизинде оор жоготууга учурады. Бул жеңиш Британиянын ханышасы 1 - Елизабеттин колония саясатын баштоосуна жол ачты.
*** 1925 - жылы 8 - агустта Босния Герцеговина Республикасынын алгачкы президенти Алия Иззетбегович төрөлдү.
*** 1937 - жылы 8 - август күнү «Крамер Крамерге каршы» жана «Жамгыр адамы» аттуу кинолору Оскар сыйлыгын алган белгилүү америкалык актер Дастин Хоффман төрөлдү.
*** 1937 - жылы 8 - августта Жапония Кытайдын борбор шаары Пекинди басып алды.
*** 1949 - жылы 8 - август күнү Европа Кеңеши биринчи жыйынын Страсбургда өткөрдү. Түркия менен Греция Кеңешке мүчө болду.
*** 1964 - жылы 8 - август күнү кипрдык румдардын 3 түрк айылын басып алышы менен түрк реактивдери баш тарттыруу максатында рум буктурмаларынын үстүнөн учуп жатканда атып түшүрүлдү, учкуч Женгиз Топел шейит болду.
*** 1974 - жылы 8 - августта АКШнын президенти Ричард Никсон ''Watergate'' чыр – чатагынын чыгышы менен арызын берди. Никсон арызын берген биринчи АКШ президенти болду. Президенттик кызматын орун басары Гералд Форд өткөрүп алды. Форд АКШнын биринчи шайланбаган президенти болду.