Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
*** 1807 - жылы 7 - августта буу менен иштеген биринчи кеме «Клермонт» Нью – Йорк - Олбани арасында биринчи каттамын аткарды.
*** 1876 - жылы 7 - августта турмуш жолу киного тартылган голландиялык шпион Мата Хари төрөлдү.
*** 1919 - жылы 7 - август күнү Эрзурум Конгресси Хейет - и Темсилийе шайлоосу менен аяктады.
*** 1946 - жылы 7 - августта болсо Түркия Советтер союзунун кысыктардын статусун өзгөртүү талабын четке какты.
*** 1964 - жылы 7 - августта Вьетнам согушу башталды. АКШ Конгрессинин төрагасы Линдон Жонсонго Вьетнамга аскер жиберүү жоопкерчилигин берди.
*** 1975 - жылы 7 - августта Оскар сыйлыгынын ээси Шарлиз Терон Түштүк Африкада төрөлдү.
*** 1982 - жылы 7 - августта АСАЛА террордук уюмунун эки террористти Анкарада Эсенбога аэропортуна куралдуу кол салуу жасады; 8 киши каза болуп, 72 киши жараланды. Куралдуу кишилердин бири каза болуп, бирөөсү жаралуу кармалды.
*** 1990 - жылы 7 - августта Ирактын Кувейтти басып алышы менен АКШ «Чөл калканы» операциясын баштады. Түркия да Керкүк - Йумурталык нефть түтүк жолун жапты.
*** 1998 - жылы 7 - августта Кения жана Танзаниядагы АКШ элчиликтери бомбаланды: 224 киши каза болду.
*** 2016 - жылы 7 - августта Түркия тарыхынын эң чоң «Демократия жана Шейиттер» митинги Стамбулда Йеникапыда өттү. Митингге 5 миллион киши катышты.