Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
*** 1793 - жылы 13 - июлда француз көтөрүлүшүнүн жол башчыларынан Жан-Поль Марат оппозицячыл Шарлот Кордей тарабынан бычакталып өлтүрүлдү.
*** 1923 – жылы 13 – июлда 14 метр узундуктагы тамгалардан турган белгилүү Голливуд жазуусу Лос Анжелестеги Голливуд дөңсөөсүнө тургузулду. Оболу Голливудланд деп жазылган жазуу 1949 - жылы жаңылоо учурунда акыркы төрт тамга алынган.
*** 1930 - жылы 13 - июлда Биринчи дүйнөлүк футбол чемпиондугу Уругвайда башталды.
*** 1937 - жылы 13 - июлда Франция Хатайдын көз карандысыздыгын расмий түрдө жарыялады.
*** 1941 - жылы 13 - июлда Британия менен Советтер союзу бири бирине карата жардам берүү келишимине кол коюшту.
*** 1949 - жылы 13 - июль күнү Папа Пий коммунизмге согуш ачты. Коммунисттик партияга мүчө болгондорду чиркөөдөн чыгарарын айткан.
*** 1985 - жылы 13 - июлда Африкадагы жакырдык жана жокчулуктан улам кишилердин каза болушун азайтуу үчүн Лив Аид концерти уюштурулду.
*** 1993 - жылы 13 - июлда Диярбакыр облусунун Эргани деген жеринин тегерегиндеги казууларда табылган 9 миң жыл мурункуга таандык кебез бөлүкчөсүнүн эң байыркы кебез калдыгы экендиги билдирилди.