Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
1229811
*** 1546 – жылы 4 - июлда Осмондук султаны 3 - Мурад төрөлдү. 1574 – 1595 - жылдардын арасында өкүмдарлык кылды.
*** 1932 - жылы 4 - июлда мезгилдин ички иштер министри Шүкрү Кая автомобили менен Анкарадан Стамбулга барган биринчи киши болду.
*** 1934 - жылы 4 - июлда болсо радий элементин ачкан эки жолу Нобель физика сыйлыгынын ээси болгон Польша тектүү француз физик Марие Курие каза болду. Курие Парижде Пантеонго көмүлгөн бир гана аял болду.
*** 1946 - жылы 4 - июлда АКШ Филиппиндердин көз карандысыздыгын таныды.
*** 1994 - жылы 4 - июлда Түркиянын Афина элчилигинин кеңешчиси Өмер Халук Сипахиоглу Афинада учураган куралдуу кол салууда шейит болду. Кол салууну «17 - Ноябрь» террордук уюму моюнга алды.