Кытайга кандай көз менен кароо керек? - 2

Йылдырым Бейазыт университетинин саясий билимдер факультетинин деканы, профессор Кудрет Бүлбүлдүн макаласы.

1230356
Кытайга кандай көз менен кароо керек?  - 2

Урматтуу окурмандар, өткөн жумада Анкарадагы Йылдырым Бейазыт университетинин саясий билимдер факультетинин деканы, профессор Кудрет Бүлбүлдүн «Кытайга кандай көз менен кароо керек?» деген макаласын сиздер менен бөлүшкөнбүз. Бул жумада да  макаланы улантабыз.

Кудрет Бүлбүл макаланын мурунку жумада жарыяланган бөлүгүндө Түркияда Кытай тууралуу маалыматтарды белгилеп, Кытайдын Анкара элчилигинин чакыруусу жана Ирамдын уюштуруусу менен Кытайга баргандыгынан сөз кылган.

Эки өлкөнүн сызылган чекти бузуу аракети : Кытай менен Түркия тектүү тарыхы, маданияты, цивилизация тажрыйбасы болгон, бирок 20 -  кылымда бул тарыхый тажрыйбасы жана ролу чоң катнашта чектелген эки өлкө. Күтүлгөндүн терсине эки өлкө тең глобалдашуу процесстеринен, батыштык өлкөлөрдөн дагы көп киреше менен чыкты. Келинген жерден баштап 20 -  кылымда өздөрүнө сызылган чек араларды бузуу аракетинде. Түркия муну ачык түрдө жасап жатса Кытай үнсүз жана  тереңден жасап жатат.

Эки өлкөнүн бири бирине болгон муктаждыгы : Түркия да Кытай сыяктуу  ылдам өнүккөн, алдыбыздагы жылдарда дүйнөнүн саналуу чоң экономикалары, таасирдүү өлкөлөрдүн арасында аты аталган өлкөлөрдөн. Кытай да Түркия да глобалдык деңгээлде дагы көп роль ойноого аракет кылып, глобалдык актерлор тарабынан курчоого алынуу маселесин жашап жатат. Глобалдык актерлор менен бир тараптуу эмес, тең салмактуу карым  - катнаштарды курууга аракет кылган эки өлкө катары окшош стратегиялык кыйынчылыктар менен бетме  - бет. Эки өлкө тең табигый булактар жактан тышка көз каранды. Эки өлкөнүн өздөрүн кысымга алган саясаттарын тең салмактоо үчүн көп тараптуу стратегиялык кызматташууга муктаждыгы бар. Көптөгөн глобалдык абалга байланыштуу эки өлкөнүн окшош позицияларды бөлүшкөндүгү да көрүнүүдө: эки өлкөнүн АКШнын санкция жана кысым коркутуусунун астында болушу, АКШнын Жакынкы Чыгыш саясаттарын жактырбашы, өндүргөн жана соода кылган өлкө болушу, ушул себептен башта Жакынкы Чыгыш болуу менен продукция сатуу үчүн дүйнөдө согуштарга эмес, тынчтык жана ырааттуулукка муктаж болушу, жогорулап жаткан актерлор болгону үчүн  түнттөшкөн эмес, ачыктык саясаттардын жол башчысы болушу, доллар колдонуудан келип чыккан кризисти ашып өтүү үчүн улуттук акча бирдигин колдонуунун жолдорун изденишүүдө. (Кытай  - Орусия арасында улуттук акча бирдиктерин колдонууга байланыштуу келишим түзүлдү)... Президент Р. Т. Эрдогандын Кытайдагы «Глобал Таймска» жазган жазуусунда белгилегендей жаңы бир дүйнө системасынын курулушу үчүн эки өлкөнүн кызматташуусу маанилүү. Бардык бул кызматташуу потенциалдары үчүн эки өлкө араларындагы маселелерди да ачыкча сүйлөшүүгө мажбур.

Уйгур маселеси же дагы чоң бир стратегиянын керектүүлүгү: мындан мурда Түркиядан Кытайдын чакыруусу менен же жаран катары келгендердин дээрлик баары Кытайдын уйгур түрктөрү тууралуу абдан сезимталдуу болушкандары, ушул себептен эч качан бул теманы ачпашыбыз керектиги боюнча эскертишкен. Бул эскертүүлөрдү мен түшүнгөн жокмун. Абдан маанилүү бир маселе бар болсо бул маселени сүйлөшпөсө, көрбөстүккө салуу канчалык чынчылдык болот? Бул жасалмалык канчага чейин улантылат? Өзгөчө маселе да ушунчалык маанилүү болгон болсо сүйлөшпөстөн  башка темаларда алдыга жылууга болобу? Өзүбүздү алдагандык болбойбу?

Мен күткөндөй да болду. Ар бир төрт сүйлөшүүнүн үчөөсүндө бул тууралуу күн тартибине келди. Көпчүлүк учурда Кытай делегациясы тарабынан, кээде биздин делегация тарабынан. Кызыгы  бул тууралуу Кытай тарабында Түркия тарабындагыдан дагы чоң сезимталдуулуктун бар экендигин байкадык. Биз тараптан маселенин кандай көрүнгөндүгүн билебиз. Иш алып баруу сапарыбыз Кытай тарабынын бул маселеге кандай карагандыгын көрүүбүзгө себеп болду. Кытай тарабы муну батыштык өлкөлөрдүн өздөрүнүн жүрүшүн токтотуу үчүн дайыма кашыган бир маселе катары көрүүдө. Уйгурларды бул өлкөлөрдүн өздөрүнө каршы колдонгон бир каражат экендигин ойлошууда. Мунун өз ички маселеси экендигин, Түркиянын ички иштерине аралашпашы керектигин айтышууда. Батыштык өлкөлөрдүн өздөрүн бөлүп  - жаруу аракеттерине Түркиянын колдоо бербешин каалап жатышат. Уйгур аймагы Түркия - Кытай карым  - катнаштары жактан маанилүү бир маселе. Уйгурлар тууралуу Түркия менен батыштык өлкөлөрүнүн позициялары бири биринен толугу менен айырмаланат. Кээ бир батыштык өлкөлөрдүн Крым маселесинде Орусияга болгондой уйгурларды Кытайдын өнүгүшүнө тоскоол болушу үчүн бир каражат катары колдонууну калашы мүмкүн. Бул өлкөлөр үчүн уйгурлар адамзаттык бир коом болгондон башка конкуренттерине зыян берүүдөн башка мааниге ээ болбошу мүмкүн. Бирок Түркиянын уйгурларга болгон кызыгуусу тарыхый жана маданий себептерден, туугандык карым – катнаштарынан келип чыгууда. Түркиянын башка өлкөлөрдө да тектештери менен  туугандары бар. Түркиянын бул коомдор менен карым  - катнашы бир тандоо эмес, тарыхтын берген жоопкерчилиги. Түркиянын бул өлкөлөрдөн күтүүсү ички иштерине аралашуу эмес, бул коомдордун социалдык, маданий, адамзат катары тынчтык ичинде жашоосу жана жашаган өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуусу. Түркия Балкандар, Орусия, Жакынкы Чыгыш, Иран жана башка өлкөлөрдөгү түрктөрдүн бул өлкөлөр менен карым  - катнаштарды өнүктүрүү үчүн бир мүмкүнчүлүк катары да көрүүдө. Түркия уйгурларга эч качан кээ бир өлкөлөр сыяктуу карабайт. Ушул себептен Түркиянын бул өлкөлөр сыяктуу жашыруун бир күн тартиби да жок.

Биргелешкен иш алып баруу группасы : уйгурларды өздөрүнө каршы колдонуу ыктымалына каршы Кытайдын колун күчтөндүрө турган өлкө балким да бир гана Түркия. Кытайдын дагы көп ачыктык саясатын жүргүзүүсү, Түркия менен дагы жакын кызматташуу ичинде болушу өзүнө каршы жүргүзүлүшү мүмкүн болгон саясаттарды да таасирсиз абалга алып келет. Ушунун алкагында эки өлкөнүн алыстан бири бирине  шектенүү менен кароонун ордуна жакын кызматташуу түзүшү ылайыктуу. Ушунун негизинде уйгур аймагы башта болуу менен Кытай менен Түркиянын ортосундагы маселелерди чечүүгө карата орток иш алып баруу группасы түзүлө алат.

Бир тараптан уйгур аймагында болгондорду көрбөстүккө сала албайбыз. Көрбөстүккө салуу менен ансыз да реалдуу карым  - катнаш түзүлө албайт. Тескери мамиленин Кытайга да Түркияга да уйгур түрктөрүнө да пайдасы жок. Оболу Түркия  - Кытай карым  - катнаштарына байланыштуу стратегиялык бир көз карашты ортого салуубуз керек. Уйгурлар Түркия  - Кытай стратегиялык карым  - катнаштарынын бир бөлүгү болушу керек, толугу менен эмес. Бул тууралуу алдыга жылуу, тараптардын дагы жакын иштеши жана стратегиялык бир көз караш менен гана боло алат. Жыйынтык катары Кытайдын экономикалык өсүшү, технологиялык өнүгүшү дүйнөдө барган сайын терең орун алышы жана Түркия менен потенциалдуу кызматташтык тармактары унутула албайт. Четке кагышса да Кытай супер күч болуу жолунда ылдам алдыга жылып баратат. Кытай саясаты эл аралык карым  - катнаштар, экономикасы, социологиясы, маданияты, жарандык жана аскердик технологиясы менен башка тармактар тууралуу коомдук мекемелерибиздин, университеттерибиздин, ой мекемелерибиздин, менчик секторубуздун дагы көп иштеши жана бул темаларда адистерди жетиштирүү мажбурдуулугу ортодо. Жолдун башында экенибизди билип туруп, өлкөбүздүн жана өкүлү болгон миссиянын глобалдык доордо керек болгон ролду ойной алышы үчүн Кытай менен карым  - катнаштарда көп маалымат алуу жана өз перспективабыздын негизинде стратегиялык кызматташтык түзүү керек.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар