Кытайга кандай көз менен кароо керек?

Анкарадагы Йылдырым Бейазыт университетинин  деканы, профессор доктор Кудрет Бүлбүлдүн пикири.

1226043
Кытайга кандай көз менен кароо керек?

 

Президент Р. Т. Эрдоган июнь айынын акырында Японияда боло турган Чоң жыйырмалар саммитине катышкандан кийин Кытай Эл Республикасына расмий сапар менен барат.

Анкарадагы Йылдырым Бейазыт университетинин  деканы, профессор доктор Кудрет Бүлбүлдүн пикири.

Качан жогорку деңгээлдеги сапар сөз боло турган болсо Кытай медиасын билбейм бирок Түркияда Кытайга каршы күн тартиби сөз болууда. Бүгүн күн тартибинин көпчүлүгүн уйгур маселеси түзүп жатат.

Уйгур маселесине байланыштуу медиада орун алгандардын канчалыгынын туура экендиги, канчалыгынын батыштык басма сөз органдарынын таасири астында экендиги, канчалыгынын Түркия  - Кытай карым – катнаштарына көлөкө түшүрүүгө карата экендиги белгисиз. Бирок булардын баары Кытайга байланыштуу олуттуу маселелерди жаратууда. Бул макаламда кыйын абал болсо да дагы кенен бир перспективадан Кытайга кандай каралышы керектигине токтолом. Себеби бул баш айланткан баш  - аламандык Түркияга да, Кытайга да уйгурларга да пайдасыз. Бардык тараптарда шектенүүнү гана күч алдырууда.

2019 -  жылы 12 – 20 -  июнь күндөрү Кытайдын Анкара элчилигинин чакыруусу жана Ирам уюштуруусу менен кээ бир ой мекемелеринин төрагалары, илимпоздор жана медиа өкүлдөрү менен жети киши Кытайга иш алып баруу сапары менен бардык. Кытайда сүйлөшүү өткөргөн алдыңкы ой мекемелери, коомдук кызматкерлер менен Пекин, Шанхай, Ханджоуда өткөрүлгөн социалдык программалардан алган жеке байкоолорумду ушул алкакта бөлүшүүнү туура таптым.

Жалпы көрүнүш : Кытай 1, 4 миллион калкы менен дүйнө калкынын 20 пайызынан ашыкчасын түзүүдө. Географиясы жактан кээ бир материктерден да чоң аянтка ээ. Кытайда көзгө урунган нерсе киреше бөлүштүрүүдө белгилүү бир катнашка жеткендиги, негизги базис маселелерин чоң өлчөмдө чечкендиги көрүнөт. Киши башына түшкөн  10 миң долларлык киреше деңгээли биз барган желерде ашыкчасы менен сезилип турду. Жолдор, базистер, машиналар, дүкөндөр, маркаларда да бул абалды көрүүгө болот.

Пекин жана Шанхайда өзүңүздү Кытайга келгендей сезбейсиз. Бир япон же бир батыш шаарынан көп деле айырмаланбайт. Балким элет жерлеринде бул дагы көп сезилер.

Кээ бир өлкөлөрдө бат – бат кездешилген плансыз шаар куруу Кытайда барган жерлерибизде жок. Бул өлкөлөрдөгү шаардын жүрөгүнө канжар сыяктуу сайылган, тарыхый түзүлүшүн, күбөлүгүн, климатын бузган бийик имарттар Кытайда көп көрүнбөйт. Кенен жолдор, бош жерлер, чоң парктар, бийик дарактар, кенен жашыл аянттар, мыкты долбоорлонгон  архитектура, бийик имараттардын адамдарда жараткан тескери таасирлерди жок кылууда. Бийик имараттар көптөгөн жерде шаарлардын күбөлүгүн ортодон жок кылып, архитектуралык, табигый жана экология менен шайкеш түрдө долбоорлонгондуктан Пекин менен Шанхайда шаарды тастыктаган күбөлүктү берет.

Калкынын санынан улам адам Кытайда Индиядагы сыяктуу көп элди көрөрүн күтөт. Бирок көп деле калың элди көрбөйсүң. Көчөлөрдө кездешкен киши катнашы Стамбулдан дагы аз. 25 миллион калкы болгон Шанхай менен 22 миллион калкы болгон Пекиндин айырмасы Стамбул менен Анкара сыяктуу. Бирөөсү глобалдык шаар, глобалдык байланыш жана маданий интеграция, бири болсо өзү менен өзү, өз алкагынан чыккан эмес.

Кытайда ылдам алдыга жылуудан  келип чыккан бир стандартташуу кемчилиги да көзгө урунат. Өзгөчө тейлөө секторунда мыкты ишке ашыруулар менен бирге абдан начар ишке ашыруулар менен да кездешүүгө болот.

1 -  Ылдам өнүккөн, дүйнөнүн экинчи чоң экономикасы: Кытай азыркы учурда АКШдан кийинки дүйнөнүн 2 -  чоң экономикасы. Дүйнө экономикасындагы  үлүшү 1978 -  жылы 1, 8 пайыз болгон болсо, 2017 -  жылы 18, 7 пайызга жогорулады. 3, 12 триллион доллар менен дүйнөнүн  эң көп валюта запасына ээ өлкө. 2018 -  жылы 6, 6  пайызга өскөн Кытайдын 2050 -  жылы дүйнөдө өндүрүлгөн улуттук кирешесинин жалгыз өзү 20 пайызына ээ болору күтүлүүдө. Кытайдан кийин Индиянын келери жана АКШнын үчүнчү орунду алары болжолдолууда. Европа Биримдигинин катнашынын 9 пайызда калары белгиленүүдө.

Бул экономикалык өнүгүүнүн коомдук турмушка да чагылгандыгы айтыла алат. Кытай Эл Республикасы курулган 1949 -  жылы тышка ачылышы жарыяланган 1978 -  жылга чейин 200 миң гана кытайлык өлкө тышы саякатына чыга алган болсо, өткөн жылы эле  Кытайдан өлкө тышына 130 миллион киши саякатка чыккан.

Өнүккөн материалдык -  технологиялык цивилизациясы : материалдык – технологиялык жактан Кытайдын абдан өнүккөндүгүн айта алабыз. Муну Кытайда күнүмдүк турмушта байкабай коюу мүмкүн эмес. Биз барган Huawei иликтөө борборунда алыстан операция, алыстан башкарылган айыл  - чарба, унаа колдонуу жана башка долбоорлор көрсөтүлүүдө.

Жоголгон күбөлүк, маданият, таандык болуу же Кытай моделиндеги заманбаптык мүмкүнбү? Материалдык- техникалык цивилизация жетүүгө мүмкүн болбогон нерсе эмес. Түркиянын тажрыйбасы да бир өлкөнүн материалдык көрүнүшү 10 – 15  жылда толугу менен өзгөрүшү мүмкүн экендигин көрсөтүүдө. Эң негизгиси материалдык цивилизацияны эмненин ичинен чыгаргандыгыңыз, өз маданиятыңыз жана күбөлүгүңүз менен  муну ортого сала алганыңыз. Кытайга баргандан мурда жаңы бир супер күч болуп келе жаткан Кытайдын өзү мында ийгиликтүү болуп же боло албай тургандыгы, өзүнө таандык бир заманбаптык өндүрүп же өндүрө албай тургандыгы же болбосо үлгүлөрү көптөгөн жерде көрүнгөндөй Батыш заманбаптыгына багынып же багынбай тургандыгына байланыштуу кызыгуум бар эле. Бирок Кытайдын заманбап жүзүн көрсөткөн жерлерде алдыга чыгарылган нерсенин дайыма батыш маданияты, батыштык фирмалар, стил, кийим жана модалары экендигин көргөндө бул кызыгуум чоң өлчөмдө жок болду. Дүкөндөрдө кытайлыктын көрүнүшүндөгү моделдер дээрлик жок. Кытай бир супер күч болушу мүмкүн. Бирок ичине кирген маданий процесске карала турган болсо күбөлүк жана цивилизация жактан Кытай өзүнө таандык бир заманбаптык чыгара ала тургандай көрүнбөйт. Ушул жактан дүйнөгө болгон таасири эң көп жаңы бир Япониячалык болушу мүмкүн!

АКШ менен соода согушу: АКШнын 2018 -  жылы Кытайдын алдындагы тышкы соода кемчилиги 419 миллиард доллар. Трамп талап тоноо деп мүнөздөгөн бул кемчилик АКШ   - Кытай соода согушунун негизги себеби. Кытайдын бир гана АКШ экономикасынын алдында бергени ашыкча, Түркия экономикасынын жарымынан дагы көп.

Бүткүл дүйнө АКШ – Кытай соода согушун сүйлөп жаткан болсо, биз сүйлөшкөн кыйтайлыктар муну согуш катары мүнөздөөдөн алыс турушууда. Обама мезгилинде АКШ тарабынан тоскоол болуучу конкуренция, Трамп мезгилинде болсо курчоо менен бетме – бет экендерин ойлоп жатышат. Бул күрөштүн кай жерге чейин барары тууралуу тынчсызданышууда. Адилеттүү бир конкуренцияга даяр экендерин айтышууда. 800 миллиард доллардан ашуун эки тараптуу соода болгондугун, ушул себептен бул карым  - катнаштарды акырына чыгара турган кадамдарды таштоонун кыйын экендигин, ушул алкакта Кытай – АКШ карым  - катнаштарынын АКШ  -  Иран сыяктуу болбой тургандыгын белгилешүүдө.

Кытай супер күчпү? Кытайлык жетекчилер өздөрүн супер күч деп аныктоодон алыс турушат. Бул Азия инсанына таандык бир жөнөкөйлүкпү? Же стратегиябы билбейм. Өздөрүн бул түшүнүк менен аныктабастан аныктай турган бир түшүнүктү да колдонушпайт. Дүйнөгө болгон көз караштарын билдирип жатып, Орусия жана башка эч бир өлкө менен союздаш эмес экендерин, бирок өнөктөштөрүнүн бар экендигин белгилешүүдө.

 

 

 



Тектеш кабарлар