Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-47

Батыш Тракия адабиятынан Рахми Алинин чыгармачылыгы.

1214414
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-47

Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү чыгарылышын Батыш Тракия адабиятынын азыркы учурдагы улуу жазуучусу Рахми Али жөнүндө жана анын чыгармачылыгы тууралуу баяндап беребиз.

                     Кадырлуу окурмандар, батыш Тракия түрк адабиятын, Греция чек арасынын ичинде жашаган түрк элдеринин жараткан адабияты деп айтууга болот. Бул адабияттын тарыхы эки доорго бөлүнөт. Биринчиси, Осмон Империясы дооруна туш келет. Ал эми экинчиси, 1923-жылдан баштап, тагыраак айтканда, “Лозан” тынчтык келишиминен кийин Греция чек арасынын ичинде калган батыш Тракия түрк элдеринин азыркы учурга чейинки колдонуп келген адабияты. Рахми Али батыш Тракия адабиятынын экинчи доорунда жаралган улуу жазуучуларынын бири. Ал акын, жазуучу, публицист, журналист катары таанымал. Жазуучу 1941-жылы Грециянын Гүмүлжине аймагындагы Чепелли айылында төрөлгөн. Алгачкы мектепти өз айылынан окуп, орто мектепти Түркияда уланткан. Мектепти бүтүрүп батыш Тракияга кайткан жазуучу 1961-2002-жылдары аралыгында өз айылында мугалимдик кесипти аркалаган.

Рахми Али ушул кесиби менен бирге коомдук иштерге да активдүү катышкан. “Батыш Тракия мугалимдер биримдиги” аттуу ассосиацияда президенттик кызматтан баштап ар кандай кызматтарда иштеп келген. Ушул ассосиациянын 1960-жылы чыгарган “Бирлик” журналын өнүктүрүүгө чоң салымын кошкон. Алгач бул журналда, кийин “Мугалим” журналында чыгармаларын байма-бай жарыялап турган. Мындан башка “Акын”, “Азынлык Постасы” жана “Илери” гезиттеринде дагы ар түрдүү жазуулары жарык көргөн. Анын бир топ аңгемеси Түркияда он жетиден ашуун журналда жарыяланып, түрк элине кеңири таанымал болгон. Рахми Али чыгармачылык жолунда балдар адабиятына да көңүл бурган. Анын “Ай менен күн” аттуу балдар китеби Грецияда жана Түркияда жарыяланып чыккан. “Көчмөн Осмон” аттуу аңгемеси менен Түркияда “Төре” журналынын өткөргөн конкурсунда биринчиликти алган. Жазуучунун аңгемелер жыйнагы 2002-жылы “Кыйын иш” аты менен жарыяланып, бул китеп боюнча ыр жана аңгемелерин баалаган бир топ макала жана ой-пикирлер жазылган. Жазуучунун ийгилигин жараткан бул китебинин ичинен тандалмалары Болгария, Румыния, Азербайжан жана Югославиядагы түркчө басылмаларда  жарыяланган.

Рахми Али аңгеме, ыр, күндөлүк, эссе, эскерүү жана саякат жазуулары менен батыш Тракия адабиятынын алдыңкы өкүлдөрүнүн бири. Жазуулары Грецияда да, Түркияда да журналдарга кеңири жарыяланып турат. Ал 1989-жылы жарыялана баштаган “Шафак” журналынын куруучуларынын бири болуп, 2004-жылга чейин бул журналдын директорлук кызматын өтөйт. Муну менен бирге журналдын бир бөлүмү болгон “Шафак окуу театрын” курат. Жазуучу ошондой эле Косованын Призрен шаарындагы “Балкан Тюркология Изилдөө Борборунун” Грециядагы өкүлү катары билинет. Талыкпас эмгеги жана ар түрдүү адабий жанрда жазган чыгармалары менен түрк дүйнөсүнө кеңири таанылган Рахми Али “Түркия Жазуучулар Энциклопедиясына” киргизилген.

Рахми Алинин чыгармачылыгы мектеп жылдарында эле башталган. Алгачкы макаласы “Акчадаг” аттуу мектеп журналында жарыяланат. Андан кийин “Бирлик” “Мугалим” журналдарында, “Акын”, “Азынлык Постасы” жана “Илери” гезиттеринде ар түрдүү жазуулары жарык көрөт. Алгачкы чыгармаларынын бири болгон “Коркунучтуу жылдар” аттуу аңгемеси менен балалык чагындагы жүрөгүндө терең из калтырган Грециядагы ички согушту баяндайт. Анын негизги чыгармалары кара сөз түрүндө жазылган жана ошондой эле ырлары да белгилүү. Өзгөчө балдар үчүн жазылган, ичинде ыр жана аңгемелер камтылган “Ай менен күн” аттуу китеби батыш Тракияда жарыяланган алгачкы балдар китеби катары баалуу булак. Жазуучунун эмгектеринин бир тобу “Шафак” журналын жарыялаган жылдарда жарык көргөн. Тынымсыз изилдөө үстүндө өткөргөн жашоосу менен  Рахми Алинин батыш Тракия түрк адабиятына кошкон салымы өтө чоң. Анын замандашы жана кесиптеши болгон Мустафа Тахсин уулу жазуучу тууралуу кебинде: “Рахми Алини адабиятыбыздан чыгарсак орду толгус кемчиликке учурайт” деген экен. Анын улуулугу элинин жана өтмүштүн рухун таамай жазып, чындыктан алыстабаганында. Түркиялык жазуучу Гүнгөр Генчай бир журналда “Кыйын иш” аттуу китеби үчүн пикирин жазып жатып, Рахми Алини Түркия менен батыш Тракиянын маданий көпүрөсү катары баалайт. Аңгемелери жөнөкөй тилде жазылып, көбүнчө күнүмдүк жашоону баяндап, муну менен бирге каармандарынын ички психологиясын абдан жакшы ачып берген. Көп жылдарын Түркияда өткөргөн үчүн бир топ аңгемелеринде Түркиядагы окуялар баяндалат. Чыгармалары Грециядагы граждандык согуш, Батыш Тракиядан Түркияга көч, ата мекен менен коштошуу жана ата мекенди сагынуу темаларын камтыйт. Жазуучунун “Эскерүүлөр менен жашоо” аттуу эссеси Түркияда “Кардеш калемлер” журналында маал-маалы менен жарыяланып турат. Анда өтмүш окуялар менен учурдун кырдаалдарын тескеп, сын-пикирин айтып, салыштырып жазып келет. Рахми Алиге бүтүндөй түрк дүйнөсүнө жасаган эмгеги үчүн 2018-жылы Түркияда өткөн Түрк Дүйнөсүнүн Адабияты Журналы Конгрессинде “Түрк дүйнөсү адабиятынын мыкты жазуучусу” наамы ыйгарылган.

Урматтуу окурмандар, бүгүнкү чыгарылышыбызда батыш Тракия адабиятынын өкүлү Рахми Алинин чыгармачылыгынан кабардар болдуңуздар. Ал батыш Тракия адабиятынын ичинен Түркияда өз эмгектери менен кеңири таанымал болгон жазуучулардын бири болуп саналат. Ушул себептен жазуучунун чыгармаларын түркчө булактарынан алып окууңуздарды сунуштайбыз.  

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар