Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
*** 1851 - жылы 5 - июнда америкалык жазуучу Гарриет Бичер Стоунун 23 тилге которулган жана киносу да тартылган кулчулукка каршы романы «Том байкенин кепеси» бир гезитте жарыялана баштады.
*** 1964 – жылы 5 - июнда Түркиянын Кипрге кийлишигүүсүнө тоскоол болуу максатында АКШнын президенти Жонсон Түркия тарыхына «Жонсон каты» деп өткөн, ичинде коркутуулар да болгон оор тил менен жазылган бир кат жиберди. Бул катка премьер - министр Исмет Инөнү : «Жаңы бир дүйнө курулат жана Түркия бул дүйнөдө орун алат»,- деп жооп берген.
*** Ал эми 1971 - жылы 5 - июнда көп сандаган Йешилчам киносунда роль алган, 1 роман, 4 ыр китеп жазган, түрк акыны, кино жана театр өнөрпозу Жахит Ыргат каза болду.
*** 1972 - жылы 5 - июнда Швециянын Стокгольм шаарында өткөн БУУнун Женева конференциясында чыгарылган чечимдер менен 5 - июнь Дүйнө экология күнү деп кабыл алынды.
*** 1975 - жылы 5 - июнда болсо Израиль менен араб өлкөлөрүнүн ортосунда өткөн «Алты күн согушунан» кийин жабылган Суэц каналы 8 жылдан кийин эл аралык деңиз жолуна ачылды.