Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-41

Казак адабиятынын баштоочуларынан болгон улуу акын жана ойчул Абай Кунанбай уулунун өмүр баяны жана анын чыгармачылыгы.

1193360
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-41

Урматтуу китеп күйөрмандары, биздин бүгүнкү “Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар” аттуу чыгарылышыбызды казак адабияты менен улантабыз. Бүгүн казак адабиятынын баштоочуларынан болгон улуу акын жана ойчул Абай Кунанбай уулунун өмүр баянынан жана анын чыгармачылыгынан кеп салабыз.

Кадырлуу окурмандар, ар бир улут адатта улуу инсандары менен сыймыктанып, элине, тарыхына, маданиятына салым кошкону үчүн ардактап унутпай келишет. Казак эли үчүн 19-кылымда мына ушундай ардактуу эки ысым бар. Бири - казак элине батыштын жаңычыл илимин алып келген Чохан Валиханов болгон болсо, экинчиси – поэзияда, музыкада, коомдук-азаттык ой-пикирдин үрөнүн сепкен, өлбөс-өчпөс чыгармаларын тартуулаган акын жана агартуучу Абай Кунанбай уулу. Абай Кунанбай уулунун ысмын Казакстан көчөлөрүнө, районуна, айылдарына ыйгарылганын көрүүгө болот. Мындан сырткары ар кандай коомдук уюмдардын ысымдарында да анын атын жолуктурабыз. Ушул казактын улуу инсаны үчүн жүздөгөн илимий эмгектер жазылып, дагы да изилденип келүүдө. Абай Кунанбай уулунун адабий мурасынын дүйнө жүзүнө таанылышынын себеби, өз элинин мүдөөсүн, түпкү максаттилектерин ачык жазып көргөзүп, жалпы адамзаттын ички сезимин таамай сүрөттөгөнүндө. “Казактын түбү кайдан чыкканы тууралуу” деген эмгегинде: “Эч бир казак кыргыз менен казактын бир тукумдаш экенин талашпайт” – деп жазып өткөн экен. Ал элди-жерди бириктирген “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган” чоң элчи. Абай бир гана казак жана кыргыздын энчиси эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүнө таанымал феномен экени талашсыз. Абай жаш чагында Семей калаасында мусулман медресесинде окуган. Ошол жылдары арап, фарс жана чагатай тилдерин бат өздөштүрүп, чыгыш классиктери Саади, Навои, Низами, Физули, Хафыздын чыгармалары менен таанышкан. Ошону менен катар эле орус мектебине барып жүрүп орус тилин да багындырган. Ал Пушкин, Толстой, Лермонтов, Салтыков, Щедрин жана Некрасовдун, мындан сырткары европанын улуу жазуучулары Гёте, Байрон, Спенсер, Спиноза, Дарвиндин чыгармаларын окуп өсүп-өнүккөн. Кийин ушул эле улуу акын-жазуучулардын чыгармаларын казакчага которуп өз элине тааныткан. Жалпы жонунан алганда, акын кыркка жакын чыгарманы казакчага которуп жарыялаган.

Абайдын чыгармачылык жолу 14 жашынан башталып, алгачкы ырларын ушул жашында жазган. Анын ырларынын темасы көбүнчө акыл-насаат ирээринде жазылган. Ошол доордун чоң маселеси болгон элдин караңгылыгын жоюуга умтулган Абай - жаштарды илимге, жаңычыл жашоого үгүттөгөн. Анын эмгектеринин арасынан кеңири таанымал чыгармасы “Кара сөздөр” деп аталган. Аты айтып тургандай, бул эмгеги кара сөз түрүндө жазылган. Чыгармада 45 тема камтылып, элди караңгылыктан алып чыгуу, улуттук аң-сезимдин наркын, үрп-адатын коргоо ниетинде акыл-насаат айтылган чыгарма болуп эсептелет. Эмгекте казак элинин жашоо-шарты, коомдук өзгөчөлүктөрү, билим жана дин жаатындагы түшүнүктөрүнө өзгөчө басым жасалган. Башкача айтканда, бул чыгарма менен казак элинин маданиятынан жана тарыхынан кабар алууга болот. Коомчулуктагы туура эмес иштер сынга алынып, жаштарды туура мүнөздү адат кылууга үгүттөйт. “Кара сөздөр” чыгармасы тарых бою өкүмдарлар менен эл башчыларына арналган саясатнааманын Абай доорундагы уландысы деп айтсак жаңылышпайбыз. Анткени, эски доорлордо өкүмдарлар үчүн өлкөнү кандай адилеттүү башкаруу керек экенин улуу ойчулдардын чыгармалары аркылуу жөнгө салынып келген. Абайдын учурундагы Кара сөздөрүнүн темалары дагы адамзатын жакшы жакка үндөп, өз өлкөсүнө кантип пайдалуу болуу туурасында жазылган. Тилекке каршы Абайдын доору орус падышачылыгынын курч саясатынын учуруна туш келген. “Кара сөздөрдүн” жазылган ирээти атайын тема коюлбай “Биринчи сөз” деп башталып, бул “Кырк бешинчи сөз”гө чейин уланган. Чыгарманын ички мазмун-маңызын тескегенде, ирээти менен жашоонун маанимаңызы, казак эли, дин, тарбия, достук менен сүйүү жана билимди камтыган темаларда акыл-насаат айтылган. Абайды көп ойлондурган элдин сабатсыздыгы жана караңгылыгы болгон. Анын отуз сегизинчи сөзүндө Азирети Мухаммет Пайгамбардын: “Эң улук инсан, башкаларга пайдасы тийген инсан” - деп айткан сөзүн колдоп, буга билимди мисал кылат. Ал, ушул сөзүндө “Илим менен санат негизги байлык. Буларды үйрөнүү эң чоң эмгек. Илим менен санаттын адамдарга пайдалуу болушу үчүн алардын ишенимге баш ийүүлөрү керек, анткени ишеним болгон жерде жакшылык да болот” деп айтат. Ошондой эле, кырк биринчи сөзүндө кыздарды окутуп, келечектеги улуттун жаралышына шарт түзүү керек экенин айтып өтөт. Азыркы учурду караганыбызда акылнасааттарынын казак эли үчүн шам чырак болгонун көрүүгө болот. Анын чыгармалары бүгүнкү күнү “Абай таануу” аттуу бир илимдин нугу менен изилденип келет. Алтымыш жыл бою жазып келген эмгектери менен ал казак эли үчүн гана эмес бүтүндөй адамзатка жар салганын убакыт көрсөттү. 1995-жылы Абайдын 150-жылдык ювилейине арналып ЮНЕСКО тарабынан бүткүл дүйнөдө “Абай жылы” болуп жарыяланды. Жан дүйнөгө кеткен жолдо шам чырак болгон улуу акын, даанышман жана ойчул, Абай Кунанбай уулу 1845-жылы төрөлүп, 1904-жылы 59 жашында бул дүйнөдөн кайткан. Ал эми анын эмгеги жана элине жасаган эрдиги кылымдык жашап келет.

Урматтуу китеп күйөрмандары, сиздер казак элинин адабий башаты болгон Абай тууралуу азыноолак кабардар болдуңуздар. Анын түгөнбөс руханий байлыгы болгон чыгармалары бир топ тилге которулган. Анын чыгармачылык жолун эң жакшы түшүндүрүп жазган казак жазуучусу Мухтар Шахановдун “Абай жолу” деп аталган китебинен Абай тууралуу кеңири маалымат алууга болот. Ошондой эле, Абайдын “Кара сөздөрү” ар бир өздүк китепкананын алдыңкы саптарында орун алчу негизги чыгармаларынан бири деп айта алабыз. Программаны даярдаган Назгүл Кадырова. 



Тектеш кабарлар