Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
*** Дүйнөнүн тандамал драма жазуучусу катары кабыл алынган, Британиянын улуттук акыны деп аталган Уилиям Шекспир 1616 - жылы 23 - апрелде дүйнөдөн кайтты.
*** 1920 - жылы 23 - апрелде Биринчи Дүйнөлүк согушунан кийин жерлери басып алынган түрктөр баштаган улуттук Боштондук согушунда эгемендиктин шартсыз түрдө экендигин көрсөтүү үчүн Түркиянын төрт тарабынан шайланган өкүлдөрдүн катышуусу менен Түркия Улуттук Парламенти ачылды.
*** 1923 - жылы 23 - апрелде Боштондук согушунан кийин душмандарды жеринен кууп чыгарган түрктөрдүн эл аралык уюмда болушун кабыл алдырышы жана тынчтык келишиминин түзүлүшү максатында 2 - жолу Лозанна тынчтык конференциясы чогулду.
*** ЮНЕСКОнун 1979 - жылды «Балдар жылы» деп жарыялашынан кийин ошол эле жылы биринчи жолу ТРТ тарабынан «Эл аралык 23 - Апрель балдар фестивалы» деген ат менен майрамдар өткөрүлдү.
*** Акын жана жазуучу Сунай Акын 20 жыл 40тан ашуун өлкөдөн сатып алган оюнчуктарынан турган Стамбул оюнчук музейи 2005 - жылы 23 - апрелде ачылды.