Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-37

Ногой адабиятынан Валерий Сеперович Казаковдун “Тогуз чапан” аңгемеси.

1178040
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-37

Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү уктуруусун ногой адабияты менен улантабыз. Бүгүнкү чыгарылышыбызда ногой элинин чыгаан жазуучуларынын бири Валерий Сеперович Казаковдун чыгармачылыгынан  жана анын “Тогуз чапан” аңгемесинен кеп салабыз.

                      Кадырлуу окурмандар, ногой эли кылымдар бою элдик оозеки чыгармаларын ыр түрүндө сактап келип, урпактан-урпакка өткөргөн түптүү эл. Ар түрдүү баатырдык дастандар, ашыктык ырларына ээ болгон бул элдин  акындары да көп. Алтымышынчы жылдардан баштап бул акындык өнөрдүн ордун кара сөз түрүндөгү чыгармалар ала баштаган. Элдин жаңы турмушунан кабар берген роман, повесть жана аңгемелер жазыла баштаган. Бүгүн кеп кыла турган жазуучубуз Валерий Сеперович Казаков мына ушул кара сөз түрүндөгү чыгармалары менен белгилүү болгон. Ал Адил-Халк аттуу айылда 1948-жылы жарык дүйнөгө келген. 1966-жылы айылындагы мектепти ийгиликтүү аяктап, Максим Горький атындагы адабий институтун сырттан окуп бүтүргөн. Адабиятка болгон шыгы балалык чагынан эле байкалган. 70-чи жылдардан баштап анын аты адабий чөйрөдө тааныла баштаган. “Жылдыз баба” аттуу алгачкы повести ийгилик жаратып орус тилине да которулган. Жазуучу “Келин”, “Тогуз чапан”, “Кабарты тукумдуу ат”, “Боромбай” сыяктуу чыгармалары менен элге кеңири тааныла баштаган. Антологиялык китептерде анын да атын жана чыгармаларын дайыма көрүүгө болот. Жазуучу чыгармаларында жан дүйнөсүнүн тереңдиги, кыраакылыгы жана колдонгон символдору менен окурмандарын өз көңүлүнө бурат. Чыгарма жаратаарда эски ногой дастандарындагы Эдигей, Айсылдын уулу Амит сыяктуу күчтүү каармандардын атын колдонгон. Анын чыгармаларынын негизги темалары адеп-ахлак, сый-урматты камтыйт. Валерий Казаков ногой эли үчүн жазуучу эле эмес, ал коомдук ишмер катары дагы таанылган. Көп жылдар бою ногойлордун биримдигин максат кылган “Бирлик” аттуу коомдук уюмун башкарып келген. 2000-жылдан 2005-жылга чейин “Эл Ногой” аттуу улуттук-маданий уюмду жетектейт. 2005-жылдан баштап Карачай-Черкес республикасынын президентинин жарлыгы менен Валерий Казаков элдик иштер жана массалык коммуникация министири болуп шайланган. Өмүрүнүн көбүн чыгармачылыкка, элине болгон кызматы менен өткөргөн Казаков учурда ардактуу эс алууда. Анын чыгармалары орус жана түрк тилдерине которулуп окурмандарынын сүймөнчүлүгүнө ээ болуп келет.            

              Валерий Казаков “Тогуз чапан” аттуу аңгемесинде эки муундун ортосундагы айырмалуу дүйнөнү баяндайт. Бул маселе адамзатынын жашоосунда ар качан болуп келген олуттуу көйгөйлөрдөн бири. Бул эки муун – аскерден жаңы кайткан Арсланбек менен анын чоң эне, чоң атасынын ортосундагы айрым түшүнбөстүктөрдү сүрөттөйт. Арсланбектин атасы эрте кайтыш болуп аны чоң эне, чоң атасы өстүрөт. Чоң атасы небересинин үйлөнүп-жайланып, бул жашоодо орун-очок алып, айылындагы шоопурдук ишин улантса деген тилеги бар эле. Небереси элдин керегине жарап, айыл эли мактаса карыя үчүн мындан өткөн сыймык жок эле. Бирок Арсланбектин ою аны алыска алып учат. Сибирде мунай зат чыгып, жаш ишкерлердин чакыруусуна катышкысы келет. Көп акча таап дүйнө кыдырууну көздөйт. Муну уккан чоң ата: “Балан жерде алтын бар, барсаң бакыр табасың” деген кепти мисал кылып, айылдан өтөөр жер жок экенин эскертет. Буга Арсланбек көнөөрбү. Ал дагы өз каалаганын көздөп, көп жашаган эмес, көптү көргөн билет дегендей, эл-жер көрүп жаңыча жашоону самайт. Айласы кеткен чоң ата көп жыл бою небереси үчүн акча, байлык топтогонун айткан менен майнап чыкпайт. Картаң карыянын тынчсызданганынын дагы бир жөнү, небереси сыяктуу ар бир муун көчүп кетсе, ата-журту ээсиз калаарын ойлоп кайгырат. Анткени ал учурда жер которуу жаштар арасында көп эле. Бул маселе козголуп, чоң ата менен небере ортосунда сүйлөшүү болуп жаткан учурда үйгө досу Азамат кирип келет. Ал дагы айылдын шоферу жана элдин кызматындагы жигит эле. Көктөн издегени жерден табылгандай карыя Азаматты мисал кылып көрсөтөт. Бирок Азаматтын ою дагы Арсланбектин оюна кошулуп жаңыча жашоо эле. Арсланбектен айырмаланып анын эне-атасы баласын оңой менен кое бербейт эле. Аргасыздан гана иштеп жүргөнүн айтат. Чыгармада Сибирь тууралуу дагы бир чындык катылгандай. Эски муундун “барса келбес Сибирь” - деп сүрөттөшү жана чоң эне, чоң атасынын тынчсызданышы ногой элинин башынан өткөргөн тарыхын эскертет. Анткени, илгери катаал доордо эл душманы аталгандын баары Сибирге айдалчу жана кайтканы аз болгон. Чыгармадагы мына ушунун баары эки жылдан кийин айылына кайтып келе жаткан Арсланбектин эскерүүсүнөн куралган.    

             Урматтуу окурмандар, сиздер учурдагы ногой адабиятынан кабардар болдуңуздар. Валерий Казаковдун бул чыгармасынан кеңири маалымат алгыңыз келсе “Тогуз чапан” аңгемесин окуп чыгууңуздарды сунуштай алабыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар