Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1175062
Тарыхта бүгүн

*** 1564 -  жылы 1 -  апрель.  «Биринчи Апрель» 1564 -  жылы Франциянын королу IX. Чарльздын жаңы жылды 1 -  апрелден 1 -  январга өзгөртүшүнөн кийин азыр да  1 -  апрелди жылдын башы катары кабыл алгандарга «Апрель балыгы» деген ат берилди. 1 -  апрель тамашасы тууралуу түрдүү маданият, ишенич жана тилдерде уламыштар бар.

*** 1921 -  жылы 1 -  апрелде Түрк Боштондук Согушунун негизги жеңиштеринен болгон 2 -  Инөнү согушу жеңишке жетишти. Улуттук күрөш процессинин бурулуш жерлеринен болгон бул жеңиштен кийин Франция Анкара менен келишимдин жолдорун издей баштады.

*** 1924 -  жылы 1 -  апрелде Топкапы сарайынын болгон буюмдары менен музейге айландырылышына министрлер кеңеши тарабынан чечим чыгарылды.

*** 1924 -  жылы 1 -  апрелде Мюнхендеги сокку кыйымылынан кийин фашисттик лидер Адольф Гитлер беш жыл абак жазасына тартылды.

*** 1949 -  жылы 1 -  апрелде Түркия адам укуктары дүйнөлүк декларацияга кошулду.

*** 1950 -  жылы 1 -  апрелде БУУ Кудсту экиге бөлүү планын кабыл алды.

*** 1957 -  жылы 1 -  апрель күнү Батыш Германияда илимпоздор атомдук куралдар боюнча иштөөнү четке какты.

*** 1969 -  жылы 1 -  апрелде түрк композитор  Мүнир Нуреттин Селчук берген концерт 525  телекөрсөтүү каналы тарабынан түз эфирден берилди.

*** 1979 -  жылы 1 -  апрелде Хумейни Иранда шариятты жарыялады.

*** 2009 -  жылы 1 -  апрель. ТРТнын күртчө радиосу уктуруусун баштады.



Тектеш кабарлар